Орусиянын ИИМи Сирияда АКШнын күчтөрүнүн кыскарып баратканын айтты

Орусиянын ИИМнын башчысынын орун басары Сергей Рябков Сирияда жүрүп жаткан процесстер араб республикасынын аймагында АКШнын куралдуу күчтөрүнүн кыскарып баратканын билдирди.

АКШнын президенти Дональд Трамптын Сириядан америкалык аскерлердин жайыкнда чыгарылышы мүмкүндүгү жөнүндө билдирүүсүнө карата Рябков мындай пикир билдирди: “Ал жерде” чынында, Сирия Араб Республикасынын аймагында АКШ аскердик күчтөрү кыскарып бараткан процесстер жүрүп жатат”, - деп “Интерфакс” жазып чыкты.

Анын сөзүнө боюнча, бул “ар түрдүү кырдаалдан алып караганда” кооптуу тенденция. “Бир жагынан, бул тенденция Вашингтондун эл аралык укук принциптерин жана ченемдерин тоготпогонун билдирет, экинчи жагынан – АКШ Сирияда чынында кандай мксаттарды көздөп жаткандыгы боюнча тынчсыздануу үчүн чоң негиз жаратып жатат”, -деп билдирди Рябков.

Ал, ИИМ Сирияны иш жүзүндө бөлүп-жаруу үчүн жасаган аракети, “анын аймактык бүтүндүгүнө кол салгандыгы” үчүн тынчсызданып жатканын белгиледи.

“Биз бул темага карат абардык сигналдарга эң эле тыкыр көз салуудабыз”, - деди Рябков.

Шейшемби күнү АКШнын президенти Дональд Трамп “салыштырмалуу жакын арада” Сириядан аскерлерди алып чыгып кетерине сөз берди.

Буга чейин Трамп америкалык аскерлерди Сириядан ислам мамлекетинин согушкерлерине карата операция аяктагандан кийин дароо алып чыгып кетери тууралуу маалымдалган.буга чейин АКШнын БУУнун алдындагы туруктуу өкүлү Никки Хейли сирия мамлекетинен Кошмо Штаттар аскерлерин кандай шарттарда алып чыгып кететүүгө макул болорун айткан.

Булак: https://vz.ru/news/2018/4/25/919705.html

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • 23