Химиялык чабуул жөнүндө жасалмалуулуктун бетин ачууга карата Батыштын реакциясы кандай болот

“Ак каскалардын” дагы бир провакациясынын бети ачылды. Бул жолу Чыгыш Гутада балдарга каршы химиялык курал колдонгону жөнүндө болмокчу. Орусиялык журналисттер фильмдин эрксиз “актерлорун” табышты, аны көрсөтүүнүн артынан Сирия боюнча АКШ жана анын союздаштарынын ракеталык чабуулдары башталган.

“Россия-24” телеканалынын корреспонденти Евгений Поддубный сириянын Дума шаарында химиялык чабуулдун сахналаштыруусунун түздөн-түз катышуучуларына жолуккан. Репортаж эфирге чыгып, телеканалдын сайтынада жайгатырылды. Ал эми маалыматтын майда баратына чейин Поддубный “Фейсбуктагы” баракчасына жазып чыкты.

“Россия” телеканалына берген маегинде 11 жыштагы Хасан Диаб төмөнкүлөрдү айтып берген:

“Биз тертөлөдө элек. Апам бизге бүгүн жегенге эч нерсе жок, эртең тамактанабыз деди. Биз көчөдөн кыйкырган үндү уктук. “Ооруканага баргыла!” деген үндү уктук. Биз дароо ооруканага чуркап жөнөдүк. Мен кирип барган эле, мени кармап алып, үстүмөн суу куя башташты. Андан кийин бизид керебеттерге башка адамдардын жанына жаткырып коюшту”.

Баланын атасы Омар Диаб баласынын сөзүн тастыктады:

“Балам ооруканада экенин блгенден кийин, жумуштан суранып, чуркап жөнөдүм. Эч кандай химиялык курал болгон эмес. Мен сыртта тамеки тартып турдум жан эч нерсени сезген жокмун. Ооруканага кирип өз үй-бүлөмдү көрдүм. Согушкерлер ушул съемкага катышканыбыз үчүн курма, печенье жана күрүч берди. Анан баарын үйлөрүнө коё беришти. Менин балам өзүн бир жакшы сезип жүрдү”.

Ушундай эле сөздөрдү журналист тарабынан суроо салынган медицина кызматкерлери да айтышкан. Бараа Бадран ооруканасынын кызматкери: “Биздин ооруканага 7-апрелде ууландыруучу заттардан жапа чеккен бир дагы адам түшкөн жок. Ооба, мына ушул шлангадан өздөрүнө суу чачкан адамдар пайда болду. Бирок, эч кандай тиешелүү белгилер жолгон жок. Ошол күүн бир нече имарат бузулуп, өрт чыкты. Курулуш чаңынан жана түтүндөн көпчүлүк элдин дем алуусу кыйындады. Аларды бул жакка алып келишти, биз аларга жардам бердик. Ошондо кимдир бирөө чуркап келип, мындай деди: “Химиялык чабуул! Химиялык чабуул!” Анан адамдар өздөрүн суу менен чача баштады. Чынында, ал жерде бул үчүн эч кандай белги деле жок эле”.

Орусиялык расмий адамдар мындай репортажга көңүл бурбай коё алышкан жок. Орусиянын ТИМнин расмий өкүлү Мария Захарова ага карата “Фейсбукта” өзүнүн реакциясын риторикалык маселеге бурган:

“АКШнын Коопсуздук кеңештеги туруктуу өкүлү Никки Хейли айым, сириялык Хасан Диаб деген балага сиз БУУну көрсөтөсүзбү? Кристиан Аманпур айым, Сиздин CNNге интервью алууңуздун учурунда ал баланын сүрөтүн Ак үйдөгүлөрдүн бирөөнө көрсөтөсүзбү? Иш-чараларды бириктирсе да болот: биринчи бала Сирияны жок кылуунун негизги борбору болгон Коопсуздук кеңештеги америкалык туруктуу өкүлдүн ордун көрсөтүү керек. Анан дароо Аманпурга интервьюга жөнөтүү керек. Мен Кристиан үчүн биринчи суроону да ойлонуштуруп койдум: “Балакай, сен биздин ракеталарды акылдуу деп ойлойсуңбу?”

Өз кезегинде БУУдагы орусиялык өкүл Василий Небензя БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги бардык туруктуу өкүлдөргө “сириялык бала” жөнүндөгү сюжетти көрсөтөм деп сөз берди.

Чынында, сахналаштыруу жөнүндө маалыматты болушунча таратуу керек. Анын үстүнө Батыш тараптан азырынча бети ачылгандыгына эч кандай далилдүү реакция болгон жок. Орусиялык “иликтөөлөргө” каршы материалдарды байма-бай берип турган “Беллингкэт” сайтындагы акыркы публикация “Россия” телеканалынын башка сюжетинин “бетин ачкандыгына” арналган, анда “Ак каскалардын” видеого тартуу аянтындагы кардлар мисалга келтирилет.

Беллингкэттин” версиясы боюнча, анын “фейктиги” эмнеде? “Вести” программасында көрсөтүлгөн кадрлар Revolution Man (“Революция-Адам”) көркөм фильминдеги башка кардларга окшоштугундадыр. Анда эл аралык сыйлыктарга ээ болууну каалаган журналист Сирияга согуштун маалыматтарын жыйноо үчүн мыйзамсыз баргандагы жөнүндө айтылат. Бирок, ал көздөгөн максатына жетпей калган учурда, атагы чыксын деп террористтерге химиялык чабуулдун көргөзмө жолун уюштурууга жардам берет.

Фильмдин сюжети дээрлик документалдык. Сириялыктардын кайгысынан атак-даңкка жетишүүнү каалаган фотографтар Сирияга барган жок. Мисалы, 2016-жылы Египетте жергиликтүү балдарды канаг боёлгон кийимде сүрөткө тартып жүргөн жалган сүрөтчү кармалган. Ал ошол сүрөттөрдү “Алепподогу орусиялык бомбалоонун кармандыктары” катары көрсөткүсү келген.

Аталган учурда “Беллингкэттин” катасы көрүнүп турат. “Фейсбуктагы” Revolution Man фильмине карат анонсто “көрүүчүлөр бул фильмде “Ак каскалар” жүргүзгөн ЖМКларда жайылган окшоштуктарга жана жалган кадрларга таң калышат. Жалган кадрлар эки күн мурун “Ак каскалардын” гримеркасынан уурдалган”, -деп айтылат.

Башкача айтканда, “Ак каскалар” өз студиясында “химиялык чабуулдун” жалган кадрларын тартышкан. Revolution Man фильминин авторлору аларды үйрөнүп алып, өздөрүнүн тасмасы үчүн максамалдуу окшош декорация жасашкан, мына ушул тууралуу айтып жатышат. Акырында “Россия” телеканалы күнөөлүү болуп калды.

“Беллингкэт” сайты өзүнүн “иликтөөлөрүндөгү” ишнеимдүүлүктү тастыктоо жөнүндө таптакыр ойлонбойт. Анын далилдери мына буга алып келет, Гутадагы химиялык куралды сириянын бийлиги колдонду деп эсептейт:

“Авиаспоттерлер химиялык чабуулдан 30 мүнөт мурун Думанын багытында Думейр аба базасы тараптан түштүк-батышка бараткан эки Ми-8 тик учагы жөнүндө билдиришти. Думанын үстүндөгү чабуулдан кийин Ми-8 эки тик учагын байкашкан. Буга чейин сириянын бийликтери оппозиция контролдогон райондорго хлордуу баллондорду таштоо үүчн Ми-8 тик учагын колдонгондугу аныкталган”.

Булак: https://vz.ru/politics/2018/4/19/918683.html

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • 23