АКШнын Ооганстандагы героиндери жана аскердик базалары жөнүндө “Аскердик саресеп”

Ооганстанда америкалык аскердик база орун алгандан 16 жыл өткөндөн кийин өлкө героинди жеткирүү боюнча дүйнөлүк лидер болуп калды жана ушул күнгө чейин ошол ордунан жылбай келет. АКШ Ислам республикасына кирип келгенден кийин жеткирүү көлөмү бир гана көбөйгөн. Бул тууралуу “Аскердик саресеп” басылмасы жазат.

Макаланын авторлору Ооганстандагы америкалыктардын аскердки базалары кандай максаттарды көздөрүн билүүгө аракет кылып көрүшкөн, ошондой эле дүйнөнүн башка бөлүктөрүндөгү, тактап айтканда Европадагы анын аскердик базаларынын жайгашуусунун ортосундагы байланышты талдоого аракет кылышкан. Буга чейинки Косоводогу аскердик базанын орун алгандагы жөнүндө бир аз ой толгоо жүргүзүшкөн. Андан кийин АКШнын 147 аскердик базасы жайгашкан интерактивдүү картага баа беришкен. Аны илилдеп бүткөндөн кийин кандайдыр бир деңгээлде баары өз ордуна келген. Алфавиттин биринчи тамгасы “Адан” баштап, баштача айтканда Ооганстандан башташкан.

Эгер героин жөнүндө сөз болсо, демек сөз Ооганстан жөнүндө болот. Бул эч ким үчүн сыр эмес. Шурави, совет аскерлери кеткенден кийин дүйнөнүн демократиялык күчтөрү талиптер тарапка ооп кетишет, апийимдин, келечекте героиндин түшүмү – бир гана аба ырайынын шартынан көз каранды. Ушул күнгө чейин Ооганстандын үлүшүнө героиндин дүйнөлүк үлүшүнүн 75%ы туура келет. “Ооба, талиптер кандай болбосун, жапайылар деп да айтса болот, кызгалдакты өстүрүүгө тыюу салышкан. Диним ишнеимдери боюнча. Бирок, талиптер бир аз ордун жогткондон кийин шариаттын бардык мыйзамдары жок болду, ману ошондо башталды. Жердин он миңдеген гектарлары кызгалдак өстүрүүгө кетти. Ал эми домоекратия жана АКШнын аскерлеринин куралдары мунун баарын жазасыз калтырды”, деп белгилейт авторлор.     

Вашингтондун сөзү боюнча, анын аскерлери терроризм менен күрөшүү миссиясын аркалап жүрүшкөнүнө карабай, ошол эле террористтердин негизги киреше булагы – наркотрафик менен күрөшүүгө карата катуу чаралар көрүлбөй келет. “Ооба, жакшылык күчтөрү наркотрафик менен күрөшүү планында бир иштерди жасап жатат. Же жасамыш болуп жатат. Кантссе да, героин бүткүл дүйнө боюнча өзүнүн колдонуучуларына жетип жатат”,  - дейт автор. Кээ бир маалыматтар боюнча, апийим кызгалдагы өскөн Ооагнстандын түштүгүн жана чыгышын көзөмөлдөгөн талиптердин товар айлантуусу 200-250 миллион долларга барабар.  Ошол эле учурда наркодилерлердин товар айлантуудагы цифралары он эсе көп. Миллиарддаган акча үчүн иштеп деле коюуга болот да, туурабы? Анын үстүнө бул миллиарддар доллар менен да. Накталай акча. Мына ушул жерден бир кенедей суроо пайда болот: апийимдин ушул тонналары кайра иштетүү борборлоруна жана Европага, Америкага, Азияга кантип жетет? Балким, кимдир бирөөнүн көз алдына эшеке апийимдин түктөрүн жүктөгөн, АК-47ни артына асынган сакалчан кишилердин кербени тартылса керек...

Курулай кеп. Баары мындай эмес, тилекке каршы. Тактап айтканда, баары таптакыр башкача.      

Албетте, жаныбарлардан түзүлгөн кербендин жолтандабастардан түзүлгөн кербен сыяктуу эле өз орду бар. Муну менен талашуу акмактык. Бирок, миңдеген тонна продукту, мисалы, Европага чейинк анча жол жүрөт? Тоолор, талаалар менен, деңиздерден, баңгизатына тыюу салган ондогон мамлекеттерден өтүү айтарлык оңой эмес... Эмнеге? Биз азыр айта турган нерсе анчалык деле жүйөлүү болбосо да, жашоодо орду бар. Эң башкысы эшектер жана кербенчилерсиз. Мына мындай:

Эмнеге жок? Ооганстанда кызгалдактын түшүмүнө америкалык аскерлердин болушу оң таасир тийгизгенин айтпаса деле түшүнүктүү. Бул эчак эле башкалар тарабынан аныкталган. Эгер аскерлер жогорку түшүмдүн башында турушса, анда алар ошол эле апийимдин агымынан ортосунда боло алышпайт? Картаны карап көрөлү.

Ооганстанда бардыгы болуп төрт америкалык аба база бар. Тик учактардын базасын эсепке албайбыз: Ми-26 болбосо, жүк ташуучу тик учак деген эмне? Бул жерде башкача жайгашкан. АКШнын аба күчтөрүнүн аэродромдору түштүк менен чыгышта жайгашкандыгында. Башкача айтканда, биз сөз кылып жаткан нерсе жакшы өскөн жерлерде жайгашкан.

“Чынында, албетте, бул дал келүүчүлүк. Кээ бир аэродромдор менен биз деле колдонуп жүргөнбүз. Бирок, ушул эаэродромдордун каалаганына сырье салынган бир нече түк алып келип салуу кадимкидей көрүнүш. Жок дейсизби? Кандай маселелер жаралмак эле? Же полиция, же баңгизатты көзөмөлдөө АКШнын армиясынын авто унаасын жөн эле токтото алабы? Ооба, азыр... Түктөр эч жакка жоголбой келишет. Учакка жүктөлөт. Өздөрү эмес да, аны жүктөшөт. Дал ошол С-130 “Геркулес” учагы эч кыйынчылыксыз 5000 километр аралыкка 18 тоннаны жеткирүүгө жөндөмдүү. Акылдуу адамдар картаны карап, Европага жетүүгө алыстык кыларын дароо эсептей коюшат. Цивилизацияга чейин да алыс болуп калат. Ошол эле картаны кайра карайбыз. Ушул эле операдан”, - деп сунушташат авторлор. Картада бензоколонка өлкөлөр көрсөтүлгөн, ал жакта бензин танкыс эмес. Бахрейн, Катар, Эмираттар, Сауд Арабиясы… Регион эмес эле, укмуш жай! Сиздердин көңүлүңүздөрдү ар бир жогоруда аты аталган өлкөлөрдө АКШнын аба базасы бар экенине бурабыз... Башкача айтканда, учакка ма куюп жаткан учурда оутурп, муздак коладан ичип алууга болот. Анын андан ары учууга болот.

Бул жерде эмнеге түштүк жакка учуп баратканы тууралуу айта келели. Баары жөнөкөй эле. Иран өзүнүн аймагынан АКШнын учактарынын учуп өтүүсүнө куштар эмес. Андан ары Сирия, анда Асаддан тышкары, анын Орусиялык достору бар. Ал эми Орусияда зениттик ракеталар жана истребителдер бар экенин жакшы билишет.

Эртең Орусиялык учуп жүргөн баарын атып түшүрөт деп эч ким айткан жок. Андай эмес. Болгону ким эле тобокелдикке баргысы келсин? Ушул райондорду учуп өтүүгө караганда, бир аз айланып учуу оңойго турат. Андан ары Египет, Ливия, Израиль, Жер ортолык деңизинде да анчалык коркунуч жок, анан эле Европа башталат.

“Ал жакта КОөосоводогуга окшогон “кызыктай” базалар бар. Же Босния жана Герцеговинадагы Тузла. Же Италиянын түндүгүндө. Жалпысынан, тынч жана ызы-чуусуз конууга боло турган жайлар көп, туурабы?” – деп суроо беришет макаланын авторлору.

Буга чейин Европада кокаинге байланыштуу жүргүнчүлөрдүн учагынын жүк салган бөлүгүндө элчинин жүгү менен ызы-чуу болгон. Арийне, ал менен салыштырмалуу бул майда-барат нерсе... Аскердик учак менен канчага чейин ташууга болот? Бажыда аны эч ким текшербейт.

Авторлордун сөзү боюнча, Италияда мындай жүктү кабыл алуу, кампадагы жашыруун жерге бекитип коюу, бөлүштүрүү жана андан ары жөнөтүү – эч кандай маселе жаратпайт. Ошондуктан, дүйнөдөгү наркотрафик маселесин көп жолу талкууласа, ага каршы турууга аракет кылууга жана бир нече тынч албаган жана пайдасыз аракеттерди жасаса болот. Баңгизаттарды жайылтуу эч жоюлбагандыгы жөнүндө бушайман болуп жүрө берүүгө болот.

Жүк ташуучу унаалар жай эле кирип, чыга ала турган, учактар конуп, көтөрүлө ала турган, каралбай турган, иликтенбеген, ага кошумча демократиянын кыраакы кайтаруучулары бар жабдылган 147 жай турган учурда баары өз орду менен боло берет. Анткени, баары план боюнча баратат.

Булак: http://www.ca-irnews.com/ru/analytics

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • 23