ЖККУнун Кант шаарындагы базасынын Кыргызстанга эмне кереги бар?

13-апрелде Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Сдавян университетинде регионалдык коопсуздук темасы боюнча “Евразиялыктар – жаңы толкун” фондунун алдындагы Жаштардын аналитикалык клубунунда ачык талкуу-лекция болуп өттү. Анда ЖККУнун бөлүгүнүн күчү Кант шаарында жайгашкан № 999 орусиялык аба базасынын офицерлери катары сөз алып сүйлөштү. Аскер кызматкерлери жана студенттер Ооганстандагы, Сириядагы кырдаалды, Борбордук Азиянын коопсуздугун камсыз кылууда Кыргызстандагы жана Тажикстандагы орусиянын базасынын ролун сөз кылышты.    

ЖККУнун “Кант” базасынын офицерлеринин чыгып сүйлөгөн сөздөрүн жарыялайбыз.

Бүгүнкү күндө Орусиянын, Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттөрүндө Борбордук Азияда орусиялык аскердик базалардын болушу керектиги жөнүндө маселе чанда көтөрүлөт.

Региондогу туруктуулукту жана коопсуздукту кармап туруу Орусия үчүн артыкчлыктуу маселе болуп саналат, ал Борбордук Азияга Оганстандан терроризмдин келүүсүнө каршы туруу үчүн Тажикстандагы жана Кыргызстандагы өзүнүн аба базаларын жаңы куралдар менен жабдууну күчөтүп жатат.

Өзгөчө тынчсызданууну Ооганстандагы ислам мамлекетинин согушкерлеринин позициясы күчөшү пайда кылып жатат. Алардын саны үч жарым миңден ашык кишиге жетти.

Бул топтун ислам хилифатын куруу стратегиясынын ишке ашырылышы Ооганстан үчүн дагы, ага чектей өлкөлөр үчүн дагы коопсуздук жаратат.

Ооганстандагы кырдаал күн өткөн саыйн курчуп баратат. Өлкөнүн айыл жергесинин аймагынын көп бөлүгүн басып алган талиптер ири шаарларга кол салууга өттү. Дагы бир террористтик топ – ИГИЛдин басымы күч алууда. Каршы туруу узакка созулуп жатканын эске алганда тынчтыкка жетүү кыйын.

Батыш коалициясынын операциясы Ооганстанга тынчтык алып келген жок. Орусиянын коргоо министрлиги Тажикстандагы жана Кыргызстандагы өзүнүн базаларынын аскердик даярдыгын көчөтүп жатат. Заманбап туралдар менен жабдып, ШКУ линиясы боюнча алакаларды бекемдеп жатат.

Азыр Ооганстан менен чектешкен жердеги кырдаал көңүл жылытарлык эмес.

Ооганстандын өтө чоң аймагы Тажикстан менен чектешет, ал эми жалпы чек арада 1300 километр аралыкта ар кандай топтордун 10 миңден ашык согушкерлери чогулду. Олуттуу коркунуч бар. Ошондуктан, 201-аскердик база орусиянын чет өлкөдөгү ири аскердик объектиси болуп саналат.   

База Дүйшөмбү жана Коргон-Төбө шаарларында жайгашкан. Аскер кызматкерлеринин саны 7,5 миң киши. Бир жыл мурун 201-базаны кубаттуулугу чоң артиллериялык дивизион менен күчөттү. 220 миллиметрлүү калибрдеги “Ураган” жапырт ок атуунун реактивдүү тутуму татаал тоолуу рельеф шартында алыстыгы 35 километрге чейин бардык буталар боюнча натыйжалуу ок атууга мүмкүнчүлүк берет.

Бир эле учурда Тажикстанга биринчи жолу “Дүйшөмбү-Антитеррор” тероризмге каршы биргелешкен окууга катышуу үчүн “Искандер-М” ыкчам-тактикалык ракеталык комплексин да алып келишти.

КМШ өлкөлөрүнөн барган аскердик бөлүктөр тажик-ооган чек арасына жакын жердеги моневрлардын жүрүшүндө Ооагнстандан кирип келген террористтик түзүмдөрдү жок кылуу боюнча аракеттерди иштеп чыгышты (каршылаш шартуу, бирок ок атуулар согуштук болду). Момто аткычтарды жана артиллеристтерди абадан Су-24М фронттук бомбалоочу учактары жана Ту-22М3 алыскы ракета алып жүрүүчү бомбалоочу учактар көзөмөлдөп турушту.

“Дүйшөмбү-Антитеррор” – шериктеш өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүн тартуу менен ЖККУга мүчө мамлекеттердин терроризмге каршы борбору тарабынан уюштурулган биринчи маневрлар. Муну менен, Тажикстандагы орусиялык аба базасы терроризмге каршы туруунун регионалдык борбору статусун тастыктады.

Кыргызстан Тажикстандын түндүк жагында жайгашкан. Ооганстан менен жалпы чек арасы жок. Бирок, террористтик коркунучтардын бир топ комплексине дуушар жана ички саясий бөлүнүүчүлүккө шыктуу. Республиканын куралдуу күчтөрү азыр колдоого абдан муктаж. Бул жаатта төрт орусиялык аскердик объектиси – Канттагы ЖККУнун ыкчам аракеттенүүчү жамааттык күчтөрүнүн аба базасы (2003-жылдан баштап иштей баштады), Каракол шаарындагы сыноодогу деңиз-аскер базасы, Чалдавар шаарчасындагы байланыш түйүнү жана Майлуу-Суу шаарындагы автономдуу сейсмикалык пункт – салмактуу турукташтыруучу роль ойношот.

Кант шаарындагы бириктирилген орусиялык аскердик база Орусия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы макулдашуунун шарттары боюнча 2017-жылы 29-январда түзүлгөн.

Ага карата макулдашуу менен протокол 2012-жылы 20-сентябрда Бишкекте 20 жылга кол коюлган. Протокол 2037-жылдын 29-январына чейин Кыргызстандагы орусиялык сакердик түзүмдөрдүн болуу маселесин жөнгө салган кыргыз-орус келишиминин ишин регламенттейт, ал эми макулдашуу - 2032-жылга чейин.

Канттагы Орусиянын аба базасы эки тарапка тең маанилүү. Дээрлик өзүнүн аскердик аба күчтөрү жана абадан коргонуу күчтөрү жок Кыргызстан үчүн бул база региондогу аскердик-саясий кырдаал курчуп кеткен учурда, анын ичинде түштүктөн, Ооганстан тараптан, абадан коргоого кепилдик болот. Мындан тышкары, Орусиянын Сиряидагы аскердик-космостук күчтөрүүнү аркети көрсөткөндөй, аскердик авиация ислам мамлекети жана ошого окшогон террористтерге каршы операцияларда, кагылыштарда негизги ролду ойнойт. Өзгөчө анын мааниси тоолуу райондордо маанилүү, ал жакта бронетехниканы жана артеллерияны колдонуу чектелүү болот.

Макулдашууга жетишүү оңой болгон жок. Буга чейин кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев орусиядык аба базасы келишимдин мөөнөтү бүткөндөн кийн республикадан чыгып кетет деп билдирген, анткени Кыргызстан келечекте бир эле өзүнүн куралдуу күчтөрүнө таянып, ишениши керек деген. Балким, бул жерде америкалык өнөктөштөр менен болгон терс тажрыйба таасирин тийгенген чыгар.

2001-жылы Вашингтон Ооганстанда “Кыйрагыс эркиндик” деген операциясын баштаган. Өзүнүн аскерлерин жабдуу үчүн американын аба күчтөрү бишкектеги “Манас” аэропортуна жайгашат. Мындан көп өтпөй Кыргызстанда “жоогазын революциясы” орун алат. 2006-жылы республиканын парламенти өлкөдө америкалык аскерлердин болуу шартын кайрадан карап чыгууну аталап кылат. Үч жыл өткөндөн кийин АКШнын аба күчтөрүнүн базасы жабылат, тактап айтканда транзиттик жүк ташуу борборуна айланат. Аны менен америкалыктар 2014-жылга чейин колдонуп, экинчи “революция” - президент Курманбек Бакиевдин тактан кулоосун баштан кечирет.

Орусия Борбордук Азия мамлекеттери менен мамилелерди жалпы кызыкчылыктарды эске алуу менен курат. Эч кимдин колун кайрыбай, “түстүү революцияларды” колдобойт. Буга чейин Сергей Шойгу Кыргызстандагы жана Тажикстандагы орусиялык аба базалар регионалдык коопсуздуктун кепилдиги болуп саналат деп белгилеген: “Өнөктөштөр менен бирге алардын аскердик даярдыгын бекемдейбиз, бул өз кезегинде Дүйшөмбү менен Бишкектин коопсуздугун күч алдырат”.

Терроризм чек аралык мүнөзгө өттү. ШКУга мүчө мамлекеттердин аракети террористтик активдүүлүктү жоюуга багытталган. Эгер жамааттык Батыш каршы пикирлерден өтүүгө жөндөмсүз болуп, эл аралык терроризм менен бирдиктүү күрөшүү фронтун түзө албаса, балким маселени жамааттык Чыгыш чечип коёт.

Шанхай кызматташтык уюму 16 жылдык ишинде бир топ потенциал топтой алды. ШКУга Индиянын жана Пакистандын мүчө болуусу коопсуздук чөйрөсүндө жамааттык Чыгыштын мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Кыргызстан менен Тажикстандагы орусиялык аба базаларынын куралдарын кошкондо, ШКУнун аскердик курамын өстүрүү жылпы кызыкчылык болуп берет.

Булак: http://enw-fond.ru/proekty/8014-zachem-kyrgyzstanu-baza-odkb-v-g-kant.html

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • 23