Лавров: Сирияда болгон чабуул ХКТУнун инспекторлорнун сапары менен байланыштуу

Лавров Сириядагы чабуул жана Солсберидеги окуя боюнча пикирин билдирди: “Сирияда болгон чабуул химиялык куралдарга тыюу салуу боюнча уюмдун (ХКТУ) инспекторлорнун сапары менен байланыштуу”, - деген пикирин билдирди.

Орусиянын Тышкы иштер министри АКШнын жана анын союздаштарын күнөөлөдү

Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров  Сырткы жана коргоо саясаты боюнча кеңештин 26-ассамблеясында чыгып сөз сүйлөдү. Анын башкы темасы АКШнын, Улуу Британиянын жана Франциянын Сирияга болгон кол салуусу болду. Орусиялык дипломатиянын жетекчисинин сөзү боюнча, Штаттардын жана анын союздаштарынын аракети “кабыл алгыс жана мыйзамсыз”.

Биз мындан өткөнбүз

- Сөз биздин батыштагы өнөктөштөр өздөрүнүн такыр мыйзамсыз жана кабыл алгыс аракеттерин түшүндүргөнү жөнүндө болот. АКШнын президенти, Улуу британиянын премьер-министри жана Франциянын президенти биринчиден, химиялык курал Думада колдонулгандыгы, экинчиден муну тиешелүү буйрук берип Башар Асад жасаганы тууралуу талашсыз далилдери бар экендиги жөнүндө айтып чыгышты. Ушундай эле сөздөрдү биз өткөн жылы да укканбыз. Анда “Ак каскалар” Идлиб проинциясында залин колдонулгандыгын билдиришкен. Ал эми батыштагы өнөктөштөр шуну карманып алып, шектүү видеону талашсыз далил катары колдонушкан.

- Мындан биздин өнөктөштөр баш тартышты (окуя болгон жерге химиялык куралдарга тыюу салуу боюнча уюмдун комиссиясын жөнөтүүдөн). Бизге далилдер кандай болсо дагы талашсыз экенин айтышты. Биз ошондо: “Биз менен ошол далилдерди бөлүшпөйсүңөрбү, ал жерде баары таза экенине биз ишенели”, - деп сурадык.

- Ошондо өткөн жылдын 4-апрелинде “Ак каскалар” өздөрүнүн жаңылыгын жайылтышкан (химиялык курал колдонулгандыгы жөнүндө), мага Рекс Тиллерсон чалып, химиялык курал Шайраттагы аба базадан учкан учак менен жеткирилгендигин айтты. Ал сириялык өкмөттөн америкалыктарды кошкондогу серепчилер аэродромго келип, чын эле ошондой болгонбу, жокпу билүүсү үчүн макулдук алууну суранган. Биз мындай макулдук алдык, бирок Вашингтон чабуулун жасап жаберди. Бул жолу үч күн мурун АКШ элчилигинин өкүлү биздин министрликке келип, бардык айтылгандар менен чогуу америкалык адистер менен Сирияга барып келүүнү сунуштады. Муну жакшы идея деп биз макул болдук. Биз нече убактан кийин чабуул жасалды.

Чабуул ХКТУнун инспекторлорунун баруусу менен байланыштуу

- Химиялык куралдарга тыюу салуу боюнча уюмдун инспекторлору Бейрутка келип, кийинки күнү окуя болгон жерге жөнөп кетиши керек эле. Ал жакта химиялык куралдын колдонулгандыгы, же колдонулбаганадыгы жөнүндө өз бүтүмдөрүн чыгарышы керек болчу. Бул окуяга ага бир күн калганда болду, эмнеге андай болгону, албетте, баарына түшүктүү. ХКТУ мурункудай эле өзүнүн миссиясын ишке ашыруу үчүн Думага барууга даяр экендигин бизге тастыктап жатышат. Бул жолу аларга мүмкүнчүлүк берет деп ишенем. Мириялык өкмөт эксперттерге визаны кечиктирбей берүүгө даяр. Бул расмий тастыкталды. ХКТУ бул тууралуу билет.

Солсбериден келген зат АКШнын жана НАТОнун куралдарынын катарында турган

- Бул лабораторияда адискөй жана өзүнүн кабыр-баркын жогору койгон окумуштуулар иштейт деп ишенем. Аталган лаборатория төмөнкү жыйынтыктарга келген: жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгы боюнча Химиялык куралга тыюу салуу боюнча Конвенцияга ылайык экинчи категориядагы химиялык куралга кирген BZ уулуу химикаты жана анын прекурсорлору табылды. Аталган рецептура АКШнын, Улуу Британиянын жана НАТОнун башка өлкөлөрүнүн куралдарынын каратында турчу. Советтер Союзунуда жана Орусияда бул сыяктуу химиялык куралдарды иштеп чыгуу жана чогултуу жүргүзүлгөн эмес.

Ал кандай болгон

Жума күнү апрелдин 13дө Вашингтон убактысы боюнча 21.00до АКШ, Улуу Британия жана Франция Сирияга карата чабуул жасады. Ракеталык чабуулдардын алдында Дональд Трамп элге теле аркылуу кайрылуу жасады. Ал элге Башар Асаддын аскерлери Дума шаарында химиялык курал колдонду деп шылтоолоп кайрылуу жасады. Орусиянын Тышкы иштер минситир Сергей Лавров бул орусиядын корккон мамлекеттин атайын кызматынын уюштурган иши экенин, ага талашсыз далилдер бар экенин билдирди. Анткени, ишемби күнү Химиялык куралдарга тыюу салуу боюнча уюмдун адистери изилдөөгө киришмек. Эми, балким, изилдей турган деле эч нерсе калбаган чыгар...   

Реакция

2018-жылдын 14-апрелинде Кошмо Штаттар, Улуу Британия жана Франция Сирияга карата ракеталык чабуул жасады. Петагондогулар муну менен орусиялык аскерлердин кол салуусунан качуу үчүн жасалганын айтып чыгышты. Кээ бир ракеталар Дамасктын билим берүү борборлоруна жана илимий лабораторияларына түштү. Бир гана материалдык чыгым болду, деп сириянын башкы штабынан билдиришти. 

Булак: https://www.kp.kg/daily/26819.5/3855832/

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • 23