АКШда Сирия боюнча чабуулга карата маалыматтык даярдык жүргөн

Чамасы, Батыш өзүнүн медиасынын күчү менен сириялык өкмөттүк күчтөр боюнча чабуулду маалыматтык камсыздоо боюнча иштелип чыккан операцияны жүргүзгөн. Ак үйдө “химиялык чабуулга” жооп катары аскердик аракеттерге даяр экендиги жөнүндө түз эле билдирүү жасап жатышат. Бул фондо Орусиянын союздаштары боюнча ракеталык чабуулга жооп кайтаруу ниети жөнүндө имиштер пайда болууда.

7-апрелде Чыгыш Гутадагы болжолдуу химиялык чабуулда 70тен ашык киши каза болду, деп жазып чыгышты дем батыш ЖМКлары. Тактап айтканда, британиялык Би-би-си телекомпаниясы Сирияда иштеген жана кокустан дал келүүсү боюнча АКШ жана Британия каржылаган ар кандай медицианлык жана мониторингдик топтордун чачыранды күбөлүгүнө шилтеме жасап айтып чыкты. Сөз “Ак каскалар”, “Гутадагы медиа борбор” жана АКШда жайгашкан “Медициналык уюмдардын союузу” деген уюмдар жөнүндө болуп жатат.

Батыш ЖМКлары “хаматикадан” запкы жеген адатка айланган эмоционалдуу видео жана фотого толуп кетти (албетте, жан кейиткен жаш балдар тартылган кадрларсыз болгон жок).

Медиакомпания шамптарды эпсиз санагандай көрүнгөнүнө, буга чейинкилердин так өзүн кайталап жатканына, ал эми айыптоолорунда эч кандай логиканын жоктугуна карайбай (аскердик ийгиликке жетишип жаткан учурда Асад эмнеге тыу салынган каражаттарды колдонсун?), АКШнын жана Батыштын башка өлкөлөрүнүн жетекчилерин оңтойсуз абалга калтырган жок.

Американын президенти Дональд Трамп аскердик пропаганданын мыкты салттары менен каршылашты “адамдык сапатынан кетирип”, сириянын лидерин “айбан”, ал эми өзүнүн орусиялык кесиптешин “кылмышкерге” жардамчы деп атады.  

“Президент Путин, Орусия жана Иран айбан Асадды колдогону үчүн жооптуу”, - деп өзүнүн Twitter баракчасын да билдирди жана күнөөлүүлөр жазаланарына сөз берди. Өзгөчө бул билдирүү жакында бол турагн ОРусия менен АКШнын президенттеринин жолугушуусу алдында абдан кызык болду, анын даярдыгы жөнүндө мурункудай эле Вашингтондо сөз болуп жатат.

Мунун алдында, мамлекеттик департамент “сирия режими менен” химиялык куралду колдонуу тарыхы шетенүүгө жатпайт. Ошондуктан, ал жана анын тарапташтары “жоопко тартылышы керек, ал эми мындан кары чабуулдар токтотулушу керек”, - деп белгиледи.

Бирок, эгер мурунку жылы АКШнын негизги максаты Башар Асад болсо, азыр башка басым пайда болду. “Орусия өзүнүн режимди туруктуу колдоосу менен, чынында бул ырайымсыз чабуулдарга жооптуу... Өзүнүн өнөктөшү Сирияны коргоо менен, Орусия форматтын гаранты катары БУУнун алдындагы милдеттемесин бузду. Ал Химиялык куралга тыюу салуу конвециясын жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2118 резоляциясын бузду”, - деп белгиледи мамлекеттик департаментте.

Орусия көптөн бери ар түрдүү деңгээлдерде жана аянтчаларда террористтик топтор карапайым калкка каршы Чыгыш Гутада химиялык чабуул даярдап жатканы жөнүндө айтып келгени – белгилей кетчү жагдай. Анкардагы “чоң үчтүктүн” саммитинин маалымат-конференциясында Владимир Путин “согушкерлердан ууландыруучу заттарды колдонуу менен провокация даярдап жаткандыгынын далилдери” бар экени жөнүндө айткан эле.

Анан калса, Чыгыш Гутанын аймагын согушкерлерден тазалоо учурунда согушкерлердин химиялык жардыргыч заттарды даярдоо боюнча устаканасы, ошондой эле жардыргыч заттардын өзү табылган.

Сириядагы кырдаал турукташып баратканда, биринчи шек санаган адам дал өзү болорун түшүнүп туруп, Чыгыш Гутада химиялык куралды колдонуу үчүн Асаддын кандай мотиви болуш керек экендиги такыр түшүнүксүз.

Өкмөттүк аскердер активдүү алдыга жылып баратышат жана бул региондо принципиалдуу жеңишке дээрлик жетишти. Анын чоң бөлүгүн согушкерлерден тазалады. Чыгыш Гутадан элди чыгарып кетүү үчүн гуманитардык коридор түзүлдү. Жыйынтыгында согушкерлер үй-бүлөрү менен бирге региондон кетүүгө макул болушту.

Жеңилүүнү жана Чыгыш Гутаны таштап кетүүнү каалабаган согушкерлер үчүн химиялык курал менен болгон провокация – куткарууга болбосо дагы, жок дегенде жеңилүүнү жылдыруу үчүн жалгыз мүмкүнчүлүк. Жөн жеринен даярдалып жаткан жардыруу жөнүндө алдын ала эскерткен булактар өкмөттүк аскерлердин кол салуусуна багытталгандыгын белгилешкен.

Каршылаш тараптарды элдештирүү боюнча борбордун (КТЭБ) жетекчиси Юрий Евтушенко Батыш өлкөлөрү Чыгыш Гутадан “Джейш аль-Исламдын” согушкелерин чыгарып кетүүгө тоскоол болуу үчүн Дамаск тарабынан химиялык курал колдонду деген темага келишти деп билдирди. Вашингтондун Дамаск менен Москванын химиялык чабуулга тиешеси бар экендиги жөнүндө айтылган сөздөрү боюнча Евтушенко: “Бул маалыматты чечкиндүүлүк менен четке кагабыз жана Дума шаарын согушкерлерден бошоткондон кийин радиациялык, хомиялык жана биологиялык коргоо боюнча орусиялык адистерди маалымат чогултуу үчүн жөнөтөбүз, алар бул билдирүүлөрдүн жалган экенин аныктап чыгышат”, - деп билдирди.

Москвада Дамаскка каршы аскердик аракеттерди даярдоо үчүн химиялык куралды колдонгон провокацияда түз эле Батышты күнөөлөп жатышат.

“Негизсиз жалган сөздөрдүн максаты – террористтерди коргоо жана элдешкис саясий жөнгө салуудан баш тарткан, ошол эле учурда мүмкүн болгон сырттан келген күч чабуулдарын актоого аракет кылган радикалдык оппозияцияга өтүү”, -деп билдирди Орусиянын ТИМи.

Дал мына ушул тууралуу дем алыш күнү ак үйдүк кеңешчиси Том Боссерт сөз кылган. Ал химиялык чабуул жөнүндөгү маалыматтын фонунда Сирияга каршы аскердик аракеттерди четке каккан жок.

“Мен четке какмак эмесмин. Бул эң эле жаман сүрөт. Биз кол салууну изилдеп жатабыз”, - деп айтып, дал ушул маселе азыр Трамп жана анын тегерегиндегилер менен талкууланып жатканын кошумчалады.

“Өтө жаман сүрөттү” көргөн Трампты биз бир жыл мурун көргөнбүз. Анда 2017-жылдын апрелинде Хан-Шейхунда химиялык куралды колдонду деп Дамаскты күнөөлөгөн жана Сириянын Шайрат аба күчтөрүнүн базасына ракеталык чабуул жасоо жөнүндө буйрук берген. Дамасктын Хан-Шейхунда химиялык куралды колдонгону тууралуу салмактуу дилидерди Батыш дагы деле тапкан жок.

Акыркы убакта АКШнын Асадды кулатуу жөнүндөгү кыялы кол жеткис болуп баратат жана Вашингтондо Сирияга каршы аскердик аракеттерди баштоо идеясы тез-тез көтөрүлө баштады. Мисалы, марттын башында АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Хикки Хейли Батыш Гутадагы кол салуулар токтотулбасы Дамаск боюнча чабуул жасалат деп коркуткан. Азыркы болжолдуу химиялык чабуул – бул үчүн абдан ыңгайлуу себеп

Орусия бул жолу бомбалоолорго сырттан карап тура албайт. Башкы штабдын жетекчиси Валерий Герасимов Хейлинин сөзүнө жооп кылып: эегр орусиялык аскерлердин өмүрүнө коркунуч жаралса, куралдуу күчтөр “ракеталар жана аларды колдонуучуларды алып жүрүүчүлөр боюнча жооптуу чараларды колдонот” деп билдирди.

Белгилүү болгон маалыматтар боюнча, Сириядагы орусиялык топ, анын ичинде С-400 ракетага каршы коргнуу компекси дагы жогорку даярдыкка келди. Сириянын аба майданын жана Хмеймимде орун алган Су-30СМ учактарын коргоону күчөттү. Ал эми Су-24М бомбалоочу учактары жакынкы бийиктикте учуп, Чыгыш Жер ортолук деңизиндеги АКШнын аскер-деңиз күчтөрүнө байкоо жүргүзүүдө.

Булак: https://vz.ru/politics/2018/4/8/916537.html

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • 23