АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгын биринчи жолу аял киши жетектемей болду

АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгын биринчи жолу аял киши жетектемей болду. Джина Хаспел камактагыларды кыйнаган “жашыруун түрмөнү” жетектеп келген.

Борбордук чалгындоо башкармалыгынын (БЧБ) директорлугуна Джина Хаспел дайындалды. Ал тарыхта америкалык чалгындоону жетектеген биринчи аял киши болуп калды. Джина Хаспел 2000-жылдардын башында БЧБнын террорризмге шектүүлөрдү кармаган жана аларды кыйнаган Тайланддагы “жашыруун түрмөсүн” жетектеген.

Джины Хаспелдин дайындалгандыгын АКШнын президенти Дональд Трамп жарыялады. Ал АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон ордуна Майк Помпеону дайындаган америкалык чалгындоонун жетекчилигин алмаштырат. 2017-жылдын фералынан Хаспел БЧБнын жетекчисинин орун басары кызматын аркалап келген. Ошол учурда чалгындоо боюнча комитетке кирген сенаторлордун тобу анын дайындалышына каршы чыгышкан. Тактап айтканда, алар Хаспелдин “жашыруун түрмөлөрдөгү” кыйноолор жөнүндө документтерди жок кылууга катыштыгы бар деп көрсөтүп чыгышкан.

“Мышык көз”

200-жылдардын башында Джина Хаспел Тайланддын аймагына БЧБ түзгөн терроризмге шектүүлөр үчүн жашыруун түрмөнү жетектеген. “Мышык көз” деп таанылган түрмөдө жана башка ушул сыяктуу мекемелерде “сурак жүргүзүүнүн кеңейтилген техникасын”, башкача айтканда кыйноолорду колдонгон. Камактагыларды уруп, уктатпай, сууга чөктүрүп, кайра алып чыгып кыйнашкан. “Мышык көз” түрмөсүндө камалгандардын арасында Абу Зубейда дагы бар болчу. Ал “Аль-Каида” террористтик уюмун жетектегендердин бири болгон деп саналат.

Зубейда “жашыруун түрмөлөрдө” кармалган биринчи белгилүү адам болгон. Ага карата американын бийлиги “сурактын өзгөчө ыкмаларын” колдонууга уруксат беришкен. Аны БЧБнын бир түрмөсүнөн башкасына которуп, абдан катуу кыйнайкан, жыйынтыгында ал бир көзүнөн айрылып калган. Анын арасында аны ошол учурда Хаспел жетектеген “Мышык көздүн” түрмүсүндө да кыйнашкан. Анын мындай сурактарга жеке өзү катышканы тууралуу маалымат жок.

Видео жазууларды жок кылуу

“Мышык көздүн” сурактарын жана кыйноолорун видео жаздырышчу. Баары болуп мындай жазуулардын саны 92ге жеткен. 2005-жылы БЧБнын директоруну орун басары Хосе Родригес сурактардын видео жазууларын жок кылууга буйрутма берген.

ЖМК булактары билдиргендей, видео жазууларды жок кылуу жөнүндө буйрутманын долбоорун 2003-жылы Родригестин аппаратын жетектеген Хаспел даярдаган. Чалгындоо кызматынын жетекчисинин орун басарлыгына Хаспелдин дайындалышы жөнүндө талкуу жүрүп жатканда анын БЧБ боюнча кесиптештери видео жазууларды жок кылуу тууралуу буйрукту даярдоодо ал өзүнүн түздөн-түз жетекчилигинин буйрутмасын гана аткарган жана эч кандай мыйзам бузуп жатам деп ойлогон эмес деп айтып чыгышат. Кесиптештери видео жазуулар жүрүп жаткан учурда ал “Мышык көздү” жетектегени тууралуу маалымат мааниге ээ эмес деп белгилешкен.

Камактагыларга карата “сурактын өзгөчө ыкмаларын” колдонуу формалдык түрдө мыйзам бузган эмес, анткени аны АКШнын бийлиги жактырган. Бирок, видео жазууларды жок кылуу кылмышты иликтөө үчүн шылтоо болгон. 2010-жылы иш айыптоонун жоктугунан жабылат.

“Жашыруун түрмөлөрдү” кайтарып келүү

Жазуулардын жана ага байланышкан териштирүүлөрдүн жок болуусу жөнүндө эске салууга карабай, Хаспел БЧБда жетекчилик кызматтарды аркалоону уланта берген. Тактап айтканда, 2013-жылдын фераль-май айларында ал БЧБнын ичиндеги чоң өз алдынчалуулугу бар түзүм болгон Улуттук жашырындуулук кызматынын башчысынын милдетин аткаруучу болуп турган. Бирок, бул кызматка туруктуу дайындалууга Хаспелдин дарамети жеткен эмес. Себеби, ал “жашыруун түрмөлөрдөгү” кыйноолорго жана документтерди жок кылууга катыштыгы бар деп эсептелген.

Аны 2017-жылы февралда БЧБнын директорунун орун басарлыгына көрсөтүп жаткандагы тууралуу Дональд Трамп айткан учурда Хаспелдин “кыйноо жүргүзүүнүн кеңейтилген техникасы” программасы менен байланышы жөнүндө кайрадан эске салышты.

Буга чейин америкалык ЖМКлардын колуна президенттин администрациясы АКШнын аймагынан тышкары “жашыруун түрмөлөрдү” иштетүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга киришип жаткан документтин долбоору тиет. БЧБ аларды 2009-жылы расмий түрдө жапкан. Хаспелди тандоо Трамптын түрмөлөрдү кайрадан ачууну пландап жатканынан кабар берет. Хаспелдин дайындалышына карата БЧБнын расмий өкүлдөрү пикирин билдирип жатып, сөз “бул ишин үчүн туура келген адамды тандоо жөнүндө” гана жүрүп жатат дешти.

Булак: https://amp.meduza.io/feature/2018/03/13/tsru-vpervye-vozglavila-zhenschina-dzhina-haspel-rukovodila-sekretnoy-tyurmoy-gde-pytali-zaklyuchennyh

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • 23