Алар биздин эсибизде, андыктан алар түбөлүк жашай беришет

Бишкекте белоруссиялык Хатынь айылында болгон трагедиянын 75 жылдыгына караты ачык сабак болуп өттү.

Иш-чара борбордогу № 2 4 мектеп-гимназиясынын базасында болуп өттү. Анда жалпы билим берүү мекемесинин окуучуларына Жаштардын аналитикалык клубунун (ЖАК) катышуучулары жана ЖККУнун орусиялык “Кант” аба базасынан офицерлери сөз сүйлөп беришти.

Сабакты “Евразиялыктар – жаңы толкун” фонду уюштурду.

- Биз сиздер менен согуш темасында үчүнчү жолу сүйлөшүп жатабыз. Эсеңиздерде болсо, жакында эле биз Сталинграддагы салгылашуу боюнча сабак өткөн элек, андан мурун Москваны коргоодогу советтик жоокерлердин баатырдыгы жөнүндө сүйлөшкөнбүз. Биз бүгүн экинчи дүйнөлүк согуш учурунда карапайым калктын ортосунда болгон курмандыктар темасын айланып өтө алган жокпуз. Мына ушундай трагедиялардын бири 1943-жылы 22-мартта Белорусиянын Хатынь айылында болгон, анда аталган айыл жер беринен дээрлик жок кылынган, - деди “Евразиялыктар - жаңы толкун” фондунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн директору Владимир Лю.

Жаштардын аналитикалык клубунун катышуучусу, Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин студенти Палина Беккер окуучуларга Хатындын жок кылынышынын негизги себептери тууралуу айтып берди.

- Трагедия болгон күнү ушул айылга жакын жерде партизандар фашисттердин автоколоннасына карай ок атышкан. Кол салуунун жыйынтыгнда немис офицери Ганс Вельке көз жумат. Ганс Вельке 1936-жылкы оюндарда жеңил атлетика боюнча мелдеште жеңишке жетишкен жалгыз немис болуп эсептелген, Гитлер да аны абдан жакшы көрчү. Ошондуктан, жооп катары жазалоочулар ошол күнү эле айылды курчап алып, анын бардык жашоочуларын сарайга камап, өрттөп салышат, ал эми качууга аракет кылгандарга карата автомат жана пулеметтордон ок атылган. Жазалоочу операцияны 1942-жылы Киевде кадрдук офицерлерден жана оккупанттар менен кызматташууга макул болгон кызыл армиянын жоокерлеринен, ошондой эле ССтин Дирлевангер батальонунун бөлүмүнөн түзүлгөн 118-полициялык батальон өткөргөн. Катаал жазанын жыйынтыгында 149 киши курман болгон, алардын ичинен 75и 16 жашка чейин жаш балдар болчу, - деп айтып берди спикер.

Полина Хатындын трагедиялуу тагдыры белорусиянын бир эле айылында болгон эмес экенин кошумчалады. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Белорусияда 628 айыл өрттөлүп жок болгон.

Кийинки болуп жаштар клубунун дагы бир катышуучусу Нурсултан Ашымбеков сөз алды. Спикер окуучуларды согуштун баатырларын урматтоого жана провокацияга алдырбоого чакырды.

- Фашисттик немис оккупанттары жок кылган жүздөгөн белорусиялык айылдардын урматына 1969-жылы “Хатынь” мемориалдык комплекс тургузулган. Мемориал мурунку айылдан планын кайталайт. Ортосунда 6 метрлик колодон жасалган “Багынбаган” скульптура турат. Бул скульптуранын негизине темир уста Иосиф Каминскийдин жашоосундагы трагедиялуу учур камтылган. Ал хатынь жазасынын жалгыз улуу күбөсү, анын уулу өз колунда көз жумган. Хатындын жашоочулары өрттөлгөн амбар жайгашкан жердин тамбашысы кара плита менен белгиленген. Жанында каза болгон жашоочуларды бейити орун алган, анда символикалуу өлүүлөрдүн тирүүлөргө талабы деген жазуусу бар гүлчамбар коюлган.

Өзүмдүн сөзүмдө Хатындагы трагедия 75 жаш балдардын жана өспүрүмдөрдүн өмүрүн алып кеткенине көнүл буругум келип жатат. Алардын арасында силер сыяктуу эле балдар бар болчу. Ошол кайгылуу окуялар кайталанбашы үчүн биз силер менен өзүбүздүн аталарыбыздын жана чоң аталарыбыздын эртиктерин ардакташыбыз керек, ошондой эле кандай учур болбосун провокацияга алдырбашыбыз керек, - деп жыйынтыктады өз сөзүн Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин студенти.

Окуучулардын алдына ЖККУнун “Кант” орусиялык аба базасынын офицери Линур Алибеков да чыгып сөз сүйлөдү.

- Тарыхты унутпоо керек деп гана кошумчалагым келет. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунан берки окуялардын ар бири - биз үчүн сабак. Хатындын жашоочулары бүт дүйнөгө советтик адамдын эрдиги чексиз экенин көрсөтүштү. Алар эң аркырына чейин өздөрүн жоготушкан эмес. Биз сиздер менен Жеңиштин неберелери жана чеберелерибиз. Кимдир бирөө сиздерди бул ойдон адаштыргысы келсе, ал кандай максатты көздөп жатканын ойлонуңуздар. Мен бүгүнкү күндө өсүп келе жаткан муунга мурунку окуяларды бат-баттан айтып туруу керек деп эсептейм, - деп белгиледи аскер кызматкери.

Белгилей кетсек, сабактын алкагында окуучуларга Хатындагы трагедиялуу окуяларга арналган көркөм жана документалдык фильмдерден өзүндүлөр көрсөтүлдү.

Сабактын аягында № 24 мектеп-гимназиянын онунчу классынын окуучулары өздөрүнүн ою менен бөлүшүштү.

- Бүгүнкү айтылган маалыматтардан жана көрсөтүлгөн фильмден кийин кайдыгер болууга мүмкүн эмес. Биз биздин аталардын баатырдыгын эстен чыгарбашыбыз керек. Алардын биз үчүн жасаганын эч бир нерсе менен салыштырууга болбойт. Ошондуктан, согуштун баатырлары биздин эсибизде жашай берет, - деп билдирди Владислав Семенюк.

Бактыгү Нурбековада четте калган жок.

- Бизге ошондогу трагедиялуу окуяларды айтып гана бербестен, көрсөтүп да беришти. Тасманы көрсөтүү учурунда менин ыйлагым келди, жүрөгүм абдан катуу согуп жатты. Бүгүнкү сабак биз үчүн абдан пайдалуу болду. Мен буга чейин Хатынь жөнүндө угуп эле келгем, бирок маалыматты толук билчү эмесмин, - деди окуучу.

Булак: http://enw-fond.ru/proekty/7764-oni-budut-zhit-poka-zhiva-pamyat-o-nih.html

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • 23