Серепчилер ЕАЭБдеги кыргыз бизнесинин келечеги жөнүндө: Биз Казакстандын моделин көздөй жылып жатабыз

Кыргызстандын ЕАЭБге киргенинен баштап үч жыл өттү, ошондой болсо да, алардын биринчи эки жылы артыкчылык берүү аркылуу республика үчүн жеңилдик мезгили болду, бирок бир жыл бою ал биримдиктин жалпы эрежелери боюнча иштеп иштеп жатат.

Эгер Кыргызстан эмгек ресурстарын экспорттоо жаатында сезилерлик пайда алганга жетишсе, ал эми продукция менен кызматтарды экспорттоодо олуттуу натыйжа анча байкалган жок. Бул көрүнүштүн себептери менен өлкөдөгү бизнестин абалы жөнүндө кыргыстандык серепчилер “Евразия.Экспертке” берген маегинде айтып берди.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук биримдикти бекемдөө жана диний саясат боюнча эксперттик кеңештин мүчөсү, саясат таануучу Денис Бердаков:

- ЕАЭБге кошулгандан кийин Кыргызстан жалпы эмгек рыногуна, ошондой эле товарлар жана кызматтар үчүн бирдиктүү рынокко кирүүгө мүмкүнчүлүк алды. Бул келечекте өлкөгө чоң пайда алып келиши мүмкүнбү?

- Кыргызстан үчүн ЕАЭБдин бирдиктүү кызматтар рыногуна катышуу келечекте товарларлы эркин ташууга караганда, балким алда канча көп мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Анткени, бардык техникалык регламенттерди канааттандыра турган товар өндүрүшүн оюштуруу адатта чоң инвестицияларды талап кылат, анда экспорттук кызматтар жаатында анча чоң эмес компаниялар деле алектене алат. Мисалы, алар туризм секторунда, соода-сатык, консалтинг жана программалык камсыздоону иштеп чыгуу болуп саналат. Мындан тышкары, кызмат көрсөтүү чөйрөсү – Кыргызстандын анча кымбат эмес эмгектенүү түрүндө артыкчылыктары бар аймак, либералдык мыйзамдар ата-мекендик кызмат көрсөтүүчүлөрдөгү атаандаштыкты камсыздоодо Биримдиктин башка ири өлкөлөрү менен салыштырганда маанилүү ролду аткарышы мүмкүн.

Мындай учурлар өнүккөн транспорттук инфратүзүмдүн жоктугу жана керектөөчүлөрдөн алыстыгы сыяктуу биздин объективдүү алсыз жактарыбызды теңдештирет.

- Биримдиктин рыногунда ушундай “товарды” алдыгы жылдыруу келечектүүбү?

- ЕАЭБ – бул негизинен кызматтар рыногу, төрт маалымдалган эркиндиктин бири бул кызматтар рыногунун эркиндиги болуп саналат.

Жөнөкөй сөз менен айтканда, эгер Кыргызстанда лицензияга ээ жана квалификациялуу кызматкерлер менен тастыкталган, курулуш же азык-түлүк компаниялар бар болсо, анда бул фирма Казакстанга, Орусияга жана биримдиктин башка өлкөлөрүнө барып иштей алат.

Кызмат көрсөтүү рыногунда бардык ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ИДӨсүнө карата кеминде 50% түзүлдү, ал эми көптөгөн өлкөлөрдө иш менен камсыз болгондордун 70% кайра кызмат көрсөтүү чөйрөсү, бул зор мүмкүнчүлүк экенин эске алуу керек.

Ошентсе да, факт боюнча биздин компанияларга башка оюнчулар сыяктуу эле ал жакта иштөөгө мүмкүн болбой жатат. Ички формалдык чектөөрдүн чоң саны, маалыматтын жетишсиздиги жана рынокко чыгуу көйгөйлөрү бар. Эгер бул рынок ачык-айкын, ары таза иштей турган болсо, анда кыргыз ишкерлери өздөрү үчүн чоң, жаңы орунду өздөштүрөт. Бул рынок дүйнөнүн бардык жерлеринде ачык болгонуна карабай, азырынча алардын көпчүлүгүн IT-чөйрөсүнүн өкүлдөрү гана колдонушууда.

- Бирок, Кыргызстандан да көптөгөн адамдар жумуш адистиктери боюнча иштөөгө кетип жатышат го.

- Жумушчу күчү боюнча өзүнчө маселе турат. Менин көз карашымда, бул чөйрөдө биз эң жогорку деңгээлге жеттик.

Азыр кыргыз сому орус рублинен кымбат турат. Тарыхый жактан алганда, рубль менен сомдо 1,3-1,5 курсу бизге ылайыктуу, анткени арзан сом биздин экспорттоочулар үчүн пайдалуу.

Орусия менен Казакстанда девальвацияланган улуттук валюта мунай зат жана газ менен тоо-кен тармагына өбөлгө түзүүгө мүмкүндүк берет. Бизде экономиканын модели да экспортко багытталган деп айтса болот. Өткөн жылы Кыргызстан киши башына акча которуулары боюнча дүйнөдө биринчи орунду ээледи.

Башкача айтканда, эгер Орусия менен Казакстан – бул экспортко багытталган ресурстук экономика, анда доллар курсу канчалык жогору болсо, рубль менен теңгеде экспорттук пайда ошончолук көп болот, бюджеттеги (салыктар аркылуу) акча көбөйөт.

Кыргызстанда абал башкача, биз аз өндүрөбүз, бирок биздин экономиканын модели – бул чет өлкөлөрдөгү жумушчу күчтөрүн басып өтөт. Албетте, буга кошумча пайдалуу казып алынуучу жерлерден, биринчи кезекте "Кумтөр" алтын кенинен түшкөн киреше кирет.

Бул моделге ылайык, мугалимдердин, дарыгерлердин, чиновниктердин жана башка мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысы сом менен номиналы абдан жогору эмес, бирок сом түшүп кетпегендиктен, айлык акы туруктуу.

Биздин мигранттардын которуулары чет элдик валютада түшөт, ал алмашат жана мунун эсебинен улуттук валютанын курсу сакталып турат. Жалпысынан алганда, сом ал тургай кымбаттап жатат, бизде акыркы 1,5 жылда дефляция байкалууда. Бирок, биздин ишкерлер, мисалы, экспорт үчүн товарларды чыгарган тигүүчүлөр, экономиканын мындай моделинен абдан азып чегип жатышат.

- Бизнестин жалпы абалын кандай баалайт элеңиз?

- Эгер Кыргызстандагы бизнестин абалы тууралуу айта турган болсок, анда ал бир катар себептерге байланыштуу трансформациянын эң жөнөкөй эмес процессинде турат.

Формалдык түрдө, азыркы учурда анча чоң эмес экономикалык төмөндөө болуп жатат, бирок бул “Кумтөрдүн” таасири, анткени бул алтын кен ишканасында жумушчулардын саны көп, иштегендер ИДӨгө 30%га чейин олуттуу салым кошууда. Азыр алар кен аз өндүрүшүүдө, бул тилке өтмөйүнчө, алтын менен киреше аз болот.

Биз ЕАЭБге мүчө болгондон кийин Казакстанга келген ошол моделге карай жылып бара жатабыз. Азыр Кыргызстандын экономикасы чакан товардан орто товар өндүрүшүнөн баштап, сапаттын так түшүнүктүү стандартына өтүүдө.

Экспорттук жеткирүүлөрдү баштоо үчүн, мисалы, Кытайга бир гана сапатты талап кылуучу стандаттар эмес, мындан тышкары көп өлчөм керек. Бул жерде олуттуу кыйынчылыктар бар. Албетте, белгилүү бир азыктарды чыгарган бир катар ишканалар менен айылдык кооперативдер пайда болду.

Мисалы, азыр фермерлер Польша алмаларынын көчөтүн олтургузуп, кийин аларды Орусияга массалык түрдө экспортоп жатышат. Башкача айтканда, биз акырындык менен Орусиянын соода-логистикалык тизмегине кирип жатабыз, бул процесс узакка созулду, бирок анын башталганы жакшы болду. Биз ал жакка толук кириш үчүн 10-15 жыл керек, бирок бул үчүн саясий туруктуулук зарыл.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, инвесторлор КРге аз инвестиция сала баштады. Маселен, 2017-жылы республикага 616,7 млн доллар түз чет элдик инвестиция келген. 2016-жылга салыштырмалуу салуунун көлөмү 1,3 эсеге азайган. Абал быйылкы жылы да сакталууда. 2018-жылдын биринчи чейрегинде чет элдик түз инвестициялардын келиши 2017-жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда 22,4%га төмөндөп, 118,7 млн долларды түздү.

Экономист, Кыргызстандын президенттинин администрациясынын мурунку кызматкери Нүргүл Акимова:

- Кыргыз ишкерлери ЕАЭБге киргенден кийин кандай көйгөйлөргө кабылды?

- Кыргыз бизнесмендеринин ЕАЭБге киргенге чейинки кээ бир көйгөйлөрү ошол боюнча сакталган. Бирок, мен башка аспектке көңүл бургум келет. Евразиялык биримдик жөнүндө келишимди ар бир өлкө өзүнүн бирдиктүү механизмине, мисалы, техникалык жөнгө салууну, санитардык абалын, тастыктоо сертификатын көзөмөлдөөнү ж.б киргизүүнү көздөйт.

Техникалык жактан алып караганда, бизнесте ЕАЭБ ченемдерин сактоо аркылуу өндүрүлгөн товарлардын өздүк наркы жогорулап жатканы көрүнүп турат.

Мисалы, ЕАЭБдин рынокторундан сатуу үчүн талапка жооп берген сапаттагы товарды өндүрүүчүлөр чыгаруусу үчүн зарыл болгон сапаттагы продукцияны чыгара турган технолог жалдап, же жаңы жабдуу орнотуу керек.

- Кыргызстанда көптөр жеңилдетилген мезгилдин аякташын кооптонуу менен күтүп жатышат, анын чегинде айрым чет элдик товарлар арзандатылган тариф менен киргизилишине уруксат берилген. Кыргыз бизнеси үчүн ушул мезгил аяктагандан кийин эмне өзгөрөт?

- Эгер ташып келген бажы пошлиналары жөнүндө айта турган болсок, анда келерки жылы Кыргызстандын 149 соода позициясы боюнча жеңилдетилген соода мезгили аяктайт.

Бирок, Казакстанда дагы бир нече жылдан кийин жаңы регламент ишке кирет, ал боюнча 3700 позиция боюнча алып таштоо күчүнө кирет. Бул негизинен керек-жарак товарлары жана бул товарлар Казакстанга ЕАЭБдин ставкасы боюнча эмес, а бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун ставкасы боюнча, башкача айтканда эки эсе арзан жеткирилип турат.

Бул Кытайдын товарлары түздөн-түз Казакстанга барат, ал эми жыйынтыгында Кыргызстан реэкспорттун төмөндөшүнөн каржылык чыгымдарды башынан кечирет дегенди билдирет.

- Жалпысынан ЕАЭБге киргенден кийин Кыргызстандык ишкерлерде кандай келечек пайда болду?

- Биримдиктин чегиндеги экспорттук жана импорттук ставка эми нөлгө барабар, а бул болсо 180 млн киши калкы бар рынок. Биздин өндүрүш, мисалы, белорус же казакстандыкына салыштырмалуу канчалык атаандаштыкка туруштук бере алары – башка маселе.

Дүкөндөрдүн текчелеринде бир эле сапаттагы товарлар, бирок түрдүү өздүк наркы менен болот. Кыргызстандан логистикадан улам Орусиянын рыногуна чейин товар жеткирүү, мисалы, Казакстан менен салыштырганда көп убакытты талап кылат.

Ошондой эле, биз тоолуу өлкө болуп саналабыз, бизде мындан улам экспорт үчүн арзан деңиз жолдору жок.

Азырынча эң чоң мүмкүнчүлүк бизнес көнүгүп келе жаткан укуктук базада пайда болууда. Улуттук сертификаттарды таануу жана ыңгайлаштыруу системасы бар. Салыктар өндүрүүчү өлкөдө аган төлөнөт. Мунун баары жөнгө салынган, тар чөйрөдөгү аган маселелер калды.

Валюта тууралуу айта турган болсок, беш өлкөнүн улуттук банктары улуттук валюталарда келишим түзө ала турган мезгил жетип келди деп ойлойм. Бирок, алар муну азарынча ишке ашырууга шашпай жатышат, банкирлер жергиликтүү валюталардын иштешине, алардын өзгөрүлмөлүүлүгүнө байкоо жүргүзүп жатышат, бирок кандайдыр бир чечкиндүү аракеттерди каржы органдары кабыл алыша элек.

Өндүрүшкө түрткү берүүнү уланта берүү керек (бул үчүн ресурстар бар – бюджет жана Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду), мындай болгон учурда өндүрүшчүлөр токтобойт жана товар өндүрүүнү уланта беришет деген божомол бар. Эгер каржылоо линиясы токтоп кала турган болсо, анда бул олуттуу натыйдаларга ээ болот, анткени биздин өндүрүүчүлөр баасы боюнча да, сапаты боюнча да азырынча таандаштыкка туруштук бере алышпайт.

Булак: http://eurasia.expert/my-dvizhemsya-k-modeli-kazakhstana-eksperty-o-perspektivakh-kyrgyzskogo-biznesa-v-eaes/

Казакстандык серепчи: АКШнын Ооганстанда мамлекеттүүлүктү калыбына келтирүү аракети ийгилик алып келген жок

Ооганстан мурункудай эле Борбордук Азияда курч абалда турат. Ошол эле учурда, өлкөдө дээрлик 17 жыл америкалык аскерлер орун алып келишет. Ал эми Ак үй өкмөттүк институттарды каржылайт. Бирок, Ооганстандын ичиндеги уруулар аралык катуу атаандаштык америкалыктардын аракетин текке кетирип жатат. Ошондуктан, азыркы абал алар үчүн туңгуюк бойдон калууда, - деп эсептейт казакстандык тарыхчы, чыгыш таануучу, Азиялык изилдөөлөр институтунун директору Султан Акимбеков. Саясат таануучу ооган проблематикасына карата Москва менен Вашингтондун көз караштары кандай айырмаланарын, эмнеге Борбордук Азияда талибдер активдешип жатканын жана ооган маселесин жөнгө салууда Өзбекстандын кызыкчылыгы эмнеде экенин айтып берди.

- Султан Магрупович, Ооганстан аймагынан Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн кандай коркунуч жаралып жатат?

- Ооганстан бардык коңшулары үчүн, анын чичинде Борбордук Азия үчүн, сөзсүз чоң көйгөй бойдон калууда. Мында негизги маселе Ооганстанда натыйжалуу иштей турган мамлекеттик институттарды калыбына келтирүү такыр ишке ашпай жаткандыгында.

Бүгүнкү күндө ооган мамлекети сырткы жардамга абдан көз каранды. Өлкөдө ички саясий карама-каршылык абдан абдан маанилүү.

Дээрлик иш түрдүү коомдордун ортосундагы тирешүү жөнүндө болуп жатат. Алардын арасында этникалык, диний, уруулук коомдор бар. Ага кошумча алардын көпчүлүгү жеке өздөрүнүн куралдуу милициясына ээ, бул кырдаалды андан да татаалдантат.

Негизи, Ооганстанда мамлекеттүүлүктү калыбына келтирүүгө болгон АКШнын бардык аракети коомчулук ортосундагы атаандаштыктын жогору болгондугунан улам ишке ашкан жок. Мындай кырдаалда батыштын демократиялык баалуулуктары иштебейт. Ошондуктан, АКШ үчүн азыркы кырдаал туңгуюк сыяктуу болуп жатат. Алар оогандык мамлекеттик институтттарын, армияны жана өкмөткө баш ийген милицияны каржылоого аргасыз болуп жатат. Ошол эле учурда, ар кандай шайлоолор Ооганстанда стресстик кырдаал түзүшөт, анткени коомчулук арасында атаандаштыктын өсүүсүнө алып келет.

Ошол эле учурда, бул ооганстандын ичиндеги атаандаштык экенин белгилей кетүү керек. ал ички саясий процесстерде артыкчылыкка жетишүүгө багытталган. Ага ылайык, башкы көйгөйлөр Ооганстандын ичинде болууга орду бар жана сырткы агрессияга багытталган эмес. Негизги ооган коомчулугунда бул үчүн ресурстары да, тиешелүү идеологиясы да жок.

- Ооганстандагы радикалдуу топтор тууралуу сиз эмне айтып бере аласыз? Алар жергиликтүү коомчулуктар менен кантип алака түзүшөт?

- Жада калса “Талибан” кыймылы – бул биринчи кезекте исламдагы деобандизм багытына жакын, абдан башаламан идеологиясы бар пуштун кыймылы. Өзүнүн гүлдөп турган мезгилинде талибдер бир эле учурда коомдун жашоосунда диндин ролун радикалдык түрдө жогорулатууга, Ооганстанда пуштундардын басымын жогорулатууга аракет кылышкан.

Ошондуктан, Ооганстан тараптан Борбордук Азия үчүн негизги коркунучтар төмөнкүлөр менен байланышкан, бул жерде натыйжалуу борбордук бийликтин жоктугунан мамлекеттик контролдон эркин аймактар теориялык жактан болушу мүмкүн.

Аталган аймактарда кайра эле теориялык жактан тиешелүү максаттарды көздөгөн радикалдык топтор пайда болушу мүмкүн.

Бирок, бул жерде беглигей кетчү нерсе, эгер борбордук бийлик тарабынан тигил же бул аймакты контролдоо жок болсо, бул ал жакта эч кандай конроль жок дегенди билдирбейт. Анткени, Ооганстандын бардык жагында тигил же бул коомчулук бар, аларды курал да, басым да бар. Ошондуктан, алардын аймагында радикалдык топтордун пайда болуусу алардын макулдугу же катышуусу жок жүрбөйт. Мында, дагы бир жолу кайталайм, бардык коомчулукта жергиликтүү кызыкчылыктар бар. Бул Борбордук Азия менен чектеш аймактар үчүн да адилетүү. Ошондуктан, Ооганстандагы кырдаалды түрдүүчө баалоодо аталган учурларды эске алуу керек.

- Эмнеге талибдер Борбордук Азияда активдүүлүгүн көрсөтүп жатат? Сиз муну эмне менен түшүндүрүп бересиз?

- Бул жерде Ооганстандан болуучу коркунуч маселеси ар дайым геосаясий мүнөздү алып жүрөрүн эске алуу керек жана буга тиешелүү түрдө мамиле кылуу керек. аталган учурда АКШнын да, Орусиянын да регионго болгон көз карашы ар башка экени мааниге ээ.

Вашингтон Ооганстан менен Борбордук Азиянын ортосундагы өз ара мамилени кеңейтүү боюнча ар түрдүү долбоорлорду колдоп келет. Ошол эле учурда Москва Борбордук Азияынын коопсуздугуна, башкача айтканда регионду түштүк тараптан болуучу сырткы коркунучтардан коргоого көбүрөөк көңүл бурат.

Мына ушундан Ооганстандагы процесстерге карата түрдүү мамиеле ккелип чыгат. Моквадагылар аларды потенциалдуу коркунуч катары эсептейт. Ошол эле учурда АКШ жана Ооганстандын өзүндөгүлөр, тескерисинче, мындай коркунучтун жоктугу жөнүндө айтышат.

Талибдер Ооганстандын түштүгүнөн түндүгүнө саны боюнча абдан чоң отряддарды жөнөткөндүгү, же чек арада түркмөндөр талибдер тарабынан жасалган чабуулдарга туш болгондугу жөнүндө сөз болгондо, атлагн учурда эмне жөнүндө сөз болуп жатат деген суроо пайда болот. Түндүккө Нангархар сыяктуу түштүк-чыгыш провинциялардан талибдердин пуштун отряддары уюшкандык менен келди деп айтууга болобу? Жада калса, эгер өкмөттүк армиянын түзүмдөрү менен полицияны эске албаганда, пуштундар менен түндүктүк улуттук азчылыктардын (тажиктер, өзбектер, хазарлар, түркмөндөр) ортосундагы олуттуу карама-каршылыктарды эске алганда Ооганстандын түштүгүнөн барган миңдеген туштун согушкерлери улуттук азчылыктардын көп сандаган жергиликтүү талаа командирлери контролдогон аймакка оңой эле батып кетет деп эсептөөгө болобу?

Мында, азыркы “Талибан” – бул каардуу, ливандык Хезболла сыяктуу иерархиялык бекем уюм эмес экендигин эске алуу керек. Бул көбүнчө кол чатыр сыяктуу бренд, ал бүткүл өлкө боюнча анча чоң эмес көптөгөн отряддарды бириктирип турат. Ошондуктан, Ооганстан менен Тажикстандын жана Түркмөнстандын чек араларындагы кыйынчылыктар – бул жергиликтүү проблематиканын чагылдырылышы деп айтуу логикага ылайык болот. Мисалы, бардык милициядан куралбаган отряддар өкмөткө баш ийишет, аларда өздөрүнүн кызыкчылыктары болушу мүмкүн. Ошол эле Түркмөнстан 90-жылдары чек аранын ооган тарабындагы түркмөн түзүмдөрүн каржылаган жана жалпысынан ошол эле талибандар менен тыгыз мамилени кармап келген. Ошондуктан, чек арадагы көйгөйлөр – бул жергиликтүү проблематика, ал экономикалык мааниге ээ болушу мүмкүн деп эсептесе болот.

Ошол эле учурда, талибдердин өздөрү ар дайым аларда Борбордук Азияга карата пландары жок экенин айтып келишет.

- Ушул согушкерлердин көпчүлүгү – Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тургундарыбы?

- Адатта сөз Ислам мамлекетинин чегинде Жакынкы Чыгышка согушууга кеткен Борбордук Азиянын тургундары жөнүндө сөз болот. Андай адамдар абдан көп болгон, бир эле Казакстанда атайын кызматтар болжолдуу жүздөгөн адамдардын саны жөнүндө айтышкан. Албетте, алардын көпчүлүгү карман болушту, бирок калгандары менен эмне болду деген маселе жаралат. Алардын көпчүлүгү Борбордук Азияны бутага алууну каалап Ооганстанга барган деп эсептелет.

Бирок, ушул жерден бул адамдардын баары идеологиялык жактан салафиттерге карагандыгына көңүл буруу керек. Ошол эле учурда Ооганстанда салафиттер өзгөчө колдоого ээ эмес. Эске салсам, талибдердин өздөрү деобандизм багытын карманышат, идеологиялык боюнча радикалдык, бирок салафиттик эмес жана алардын ортосунду абдан олуттуу карама-каршылык бар.

Жай айында талибдер Ооганстандын түндүгүндө Ислам мамлекети түзүмүн талкалады жана ушул эле нерсени түштүк-чыгыш провинцияларда жасаганы жатат деген маалымат тараган.

Бул маалыматка кандай караба, Ооганстанда ИМ же бул уюм менен байланышкандардын баары Борбордук Азиядагы чек арада өз ордун жоготушууда.

Ал тургай, эгер Ооганстанда Жакынкы Чыгыштагы ИМдин катарында согушуп жаткан Борбор Азиядан барган согушкерлер бар болсо, анда алар аз жана азыр алардын бул өлкөнүн түндүгүндө көз карандысыз аймагы жок экенин түшүнүү керек. Бул жерде жергиликтүү жашоочулардан тажиктер, өзбектер, хазарлар, түркмөндөр, түндүк пуштун коомунун көп таасирдүү күчтөрү бар. Алардын айрымдары бүгүнкү күндө “Талибанга”, башкалары өкмөткө ишенимдүү болушу мүмкүн. Бирок, башкысы, чек арада кандай болгон учурда да жергиликтүү ооган күчтөрү басымдуулук кылат.

- Бүгүн сиз Орто Азиядагы диний экстремизге катыштуу абалды кандай баалайсыз? Эмне үчүн Орто Азия өлкөлөрүнүн жарандары согушкер болуп, Жакынкы Чыгышка кетип жатат?

- Аймактын дээрлик бардык мамлекеттери ар кайсы убакта радикалдуу топтор менен кагылышып турган. Бул жерде Орто Азиянын бардык мамлекеттери СССР убагында ислам дүйнөсүндө орун алган бардык жараяндардан обочолонгон экенин эсибизден чыгарбашыбыз керек.

СССР кулагандан кийин ислам дүйнөсү менен активдүү өз ара аракеттешүүлөр башталды. Бул кызматташуунун алкагында көптөгөн диний агымдар пайда болду, алардын кээ бирөөлөрү Жакынкы Чыгышта билим алышты. СССР учурундагы мурдагы кеңештик коомдо диний институттардын жоктугунан диндин өсүшү эң төмөнкү деңгээлде сакталган, ошондой эле, диний бийликтин ачык жетишсиздиги, анын ичинде өтө радикалдуу идеологияларды жайылтууга шарт түздү.

Ошентсе да, радикалдардын пайда болушу – бул баары бир массалык жараян эмес. Мындан тышкары, Орто Азия мамлекеттеринин ар бири радикалдар менен күрөшүү системасын курду. Чынында, болжол менен 2014-жылы Жакынкы Чыгышка алардын агып кетүүсү, белгилүү бир мааниде, Борбордук Азияда алар өз идеясын ишке ашыруунун өзгөчө мүмкүнчүлүктөрү жок экенин көрсөтөт.

Биз Борбордук Азияда азыр өтө татаал жараяндар жүрүп жаткан ислам дүйнөсүнүн бир бөлүгү экенибизди жана муну ар дайым эске алуу керек экенин белгилеп кетким келет.

- АКШнын жаңы стратегиясы Ооганстанда өлкөнүн коопсуздугуна таасирин тийгиздиби?Бул стратегияны кабыл алуу менен Ооганстанда кандай өзгөрүүлөр болду? Жөнөкөй ооган элине жакшы болдубу?

- Ооганстандагы АКШнын таасири ар кандай мамиледе болушу мүмкүн. Бирок, биринчи кезекте эки аспектини бөлүп кароо керек. Бул каржылоо болбосо, мамлекеттик мекемелери сырткы күчтөрдүн колдоосун пайдаланган ооган коомчулугунун ортосунда көп мүмкүнчүлүк даражасы бар күрөштүн объективдүү атаандашы болмок.

Экинчи биринчиден агып чыгат: АКШ чындыгында ооган коомчулугунун ортосундагы татаал мамилелерде арбитрдин ролун аткарат.

Орусия президенти Владимир Путин 2017-жылдын декабрында америкалыктарсыз Ооганстанга оор болмок деп айтканы менен макул болсо болот.

Америкалыктардын таасири – биринчи кезекте мамлекеттик мекемелердин туруктуу иштешин камсыз кыла албайт жана, албетте, өлкөнүн ичиндеги коопсуздук көйгөйлөрүн чечүүгө байланыштуу көптөгөн маселелерди жойбойт.

- Жакында Талибан өкүлдөрү Ооганстандагы көйгөйлөрдү тынч жөнгө салуу тууралуу сүйлөшүүлөр үчүн Өзбекстанга келишти. Ооганстанда Өзбекстан чын эле эмнеге таасир этиши мүмкүн?

- Өзбекстан – Ооганстан менен чек аралаш абдан маанилүү бир өлкө. Иш Ооганстандагы калктын 10%ын түзгөн жыш жайгашкан чоң өзбек диаспорасында гана эмес. Өзбекстандын ал жакта олуттуу экономикалык кызыкчылыктары бар. Ташкент Мазари-Шарифке темир жол курду, Кабулду электр энергиясы менен камсыз кылды. Мындан тышкары, түштүк портторуна, атап айтканда, Пакистанга мүмкүндүк алуу идеясы Өзбекстан үчүн кызыгуу жаратат. Бул өзбек экономикасы үчүн транспорттук чыгымдарды кыйла азайтат. Ошондуктан, Ташкент эмне үчүн Талибандар менен сүйлөшүүлөргө барууну чечкени толук түшүнүктүү. Акыр-аягы, АКШ менен Орусия дагы талибдер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Белгилей кетсек, сентябрдын башында талибан делегациясы Москвага келери күтүлүүдө.

Күзүндө Ооганстанда парламенттик шайлоо өтөт. Өзбек коомчулугу өзүнүн 10 пайыздык добушу менен өз кызыкчылыктары бар көптөгөн жамааттары бар өлкөдө маанилүү роль ойной албайт. Ошондуктан, Өзбекстандын кызыкчылыгы түшүнүктүү жана анын мүмкүнчүлүктөрү кыйла маанилүү.

Булак: http://eurasia.expert/ssha-gosudarstvennost-v-afganistane-kazakhstanskiy/

Американын “кол чатыры” Борбордук Азияны радикалдык экстримисттерден сактай албайт

АКШнын куралдуу күчтөрүнүн Борбордук башчылыгынын алдында Массачусетс штатында америкалык Эдвардс аскердик базада 10-сентыбрдан 21-сентябрга чейин “Аймактык кызматташтык - 2018” деп аталган аскердик машыгуулар өтүп жатат. Ага Борбордук Азиянын өлкөлөрү – Тажикстан, Казакстан жана Өзбекстан, ошондой эле Ооганстан жана Монголия катышып жатат. Бирок, серепчилер бул мамлекеттер бир гана Орусия менен бирге “ислам факторуна” каршы тура алат деп эсептейт.

Америкалык аскерлерден тышкары, маневрларда башка өлкөлөрдөн барган 200 аскер кызматкерлери алектенишүүдө. Тажикстан десантниктердин тобун жөнөттү, Казакстан тараптан байкоочулар гана катышууда, Кыргызстан буга катышкан жок. Машыгуунун жүршүндө көп улуттуу топ кызматташууга көмөк көрсөтүү жана ычам жайгаштыруу максатында бир нече сценарийге айкалыштырылган аскердик жоопторду даярдашууда. Машыгуулардын планына ылайык аскерлер туруктуулукту, чек аралардын коопсуздугун камсыз кылуу, терроризм менен күрөшүү, баңгизат менен күрөшүү жана тыюу салынган материалдар менен технологиялардын жайылуусуна каршы туруу боюнча операцияларга көңүл бурушат.

“Бул машыгуулар бир эле учурда биздин өнөктөштүк мамилелерди бекемдөө менен, биздин аскерлерге биргелешип иштөөгө, ишенимди бекемдөөгө жана биздин мүмкүнчүлүктү өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет”, - деп билдирди АКШнын борбордук башкармалыгынын өкүлү полковник Эрл Браун.

Eurasianet басылмасынын маалыматы боюнча, машыгууларды каржылоо АКШга баңзаттарды сатуу жана эл аралык уюшкан кылмыштуулук менен күрөшкөн чет элдик куралдуу түзүмдөрдү окутууга жана жабдууга укук берген американын Улуттук коргонууга каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө мыйзамынын № 1004 бөлүмү боюнча (Section 1004 of the National Defense Authorization Act) жүргүзүлүүдө. Машыгуу жардам алып жаткан өлкөлөрдүн атайын дайындыктагы бөлүктөрү үчүн АКШнын армиясы өткөрүп жатат. Адатта, машыгуу болору жөнүндө алдын ала жарыяланбайт, ал жөнүндө АКШнын Мамлекеттик департаментинин ар жылкы баяндамасында гана эреже болгондой билдирүү жасалат.

Машыгуу 2001-жылдан тартып жыл сайын өткөрүлөт. Өткөн жылы бул маневрлар 10-июлдан 23-июлга чейин Дүйшөмбүдө өткөн. Дүйшөмбүдө машыгуулар аймактагы коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылат деп эсептейт. “Талиптер” оогандын Тажикстан менен чектешкен Кундуз провинциясын өз контролуна алууга мезгил-мезгили менен аракет кылып келгендиктен, Ооганстан менен чектешкен чек арасы өлкөнүн негизги көйгөйү бойдон калууда. Тактап айтканда, 10-сентябрда талиптер Кундуз провинциясындагы Дашт-и-Арчи уезддик борбордук басып алууга аракет кылышкан. Өкмөттүк күчтөрдүн 18 аскер кызматкери жаракат алып, 15 көз жумган.

“АКШ үчүн бул Борбордук жана Түштүк Азиядагы өзүнүн өнөктөштөрү менен мамилелерди бекемдөөгө дагы бир мүмкүнчүлүк”, - деди аскердик серепчи Виктор Литовкин. Ал Казакстан жыл сайын АКШ менен “Талаа бүркүтү” деген машыгууларды өткөрөрүн эске салды. Акыркы мындай машыгуулар августта Форт Жексондогу (Түштүк Каролина) “МакКрейди” ок атуу талаасында өткөн. Анда натонун “Тынчтык үчүн өнөктөштүк” прогммасынын алкагында, АКШ менен Улуу Британиянын бөлүктөрүнөн тышкары, “Казбат” казакстандык батальон, Тажикстандын Коргоо министрлигинин атайын дайындыктагы ыкчам топ жана өзбекстандык атайын дайындыктагы жоокерлери катышкан. “Борбордук Азия өлкөлөрү, алардын баары ЖККУнун мүчөлөрү экенине карабай, суверендүү мамлекеттер, алар АКШ жана башка мамлекеттер менен машыгууларды жүргүзүүгө укуктуу. Баса, Орусия буга чейин машыгууларды Франция, Жапония, Кытай, жада калса АКШ менен жүргүзүп келген”, - деп белгиледи серепчи. Анын пикири боюнча, Орусия үчүн союздаштарынын америкалык машыгууларга катышуусу кызыктуу. Биз биздин потенциалдуу каршылаштарыбыздын курал-жарактарынын түрү, алардын кандай экендиги жөнүндө маалымат алабыз. Бирок, Литовкиндин пикири боюнча, АКШнын Борбордук Азия өлкөлөрүнө болгон басымы анчалык масштабдуу эмес, ошондуктан алардын НАТОнун стандарттарына багыт алуусу жөнүндө айтпай эле коюуга болот. “Жада калса, эчак эле НАТОго кирген Чыгыш Европанын өлкөлөрү ушул күнгө чейин куралдануунун натолук стандарттарына толугу менен өтө алышкан эмес. Бул, биринчиден, чоң акча турат, экенчиден, куралдуу күчтөрдүн бардык түзүмүн өзгөртөт. Мындан тышкары, америкалыктар өзүнүн союздаштарына алдыңкы курал-жарактардын түрлөрүн эч качан сатышпайт”, - деп белгиледи серепчи. Мисалы, АКШ Украинага 1970-жылы чыгарылган көчмө танкага каршы Javelin комплекстерин (КТК) жеткирип берген. Ошол эле учурда, өздөрүнүн көчмө танкага каршы Javelin комплекстери салыштырмалуу жаңы болчу. Эгер америка берген КТК 60 сантиметрге чейинки бронду тешип өтө турган болсо, американыкы 1,5 метрди тешип өтөт. Бул жеткирип берүүлөр Украинага бөлүнгөн америкалык жардамдын чегинде жүрүп жатат.

Борбордук Азия өлкөлөрүн ала турган болсок, алар Орусияга “байланган”. “Дүйшөмбүдө жана аймактын башка борборлорунда бир гана Орусия менен алар “ислам факторуна” каршы тура аларын түшүнүшөт. Бир гана Орусия менен алар суверендүү мамлекет бойдон калат. Орусия Казакстанда дагы, Кыргызстанда дагы, Тажикстанда дагы бийликти коргор кала алат. Өзбекстан, ал жакта Орусиялык базанын жок экендигине карабай, ар дайыи Москвага ишене алат”, - деди Виктор Литовкин.

Булак: http://vestikavkaza.ru/material/242008

Коргоо министрлиги Идлибдеги жасалма химчабуулду тарта баштаганы жөнүндөайтып берди

 

Идлибде Сирия армиясы “химиялык курал колдонду”деген провокациялык съемка башталды, депСогушуп жаткан тараптарды колдонуусу боюнча орусиялык борбор билдиргенин РИА “Новости” жазып чыкты.

Бул маалыматты Борбордо жергиликтүү жашоочулардан алышкан.

“Съемканын “натуралдуулугу” жана Хербет-Эль-Джауз калк олтурукташкан пунктунан Жиср-Эш-Шугургаэртең менен “ак каскачандар” топурак үлгүлөрүн ыкчам чогултуусуүчүн согушкерлер тарабынанатайын хлордун негизиндеги уландыруучу заттары бар эки идиш жеткирилген”, - деп айтылат билдирүүдө.

Бул үчүн эртең менен Жиср-эш-Шугурга Жакынкы Чыгыштын бир катар телеканалдарынын, ошондой эле америкалык алдыңкы жаңылыктар телеканалынын аймактык филиалынын тартуу топтору келгендиги белгиленет.

Бул маалыматты РИА “Новостиге” сириялык укук коргоочу жана коомдук ишмер Аммар Жамал да тастыктады.

“Ак каскалардын” 30га жакын кызматкеринен турган адамдардын тобу түрк номерлүү тез жардам машиналарында Даркушдан (чек аралык шаардан) дан сактагычка (Излиб провинциясында) келишти”, - деди ал.

Провокацияга даярдык

АКШнын жана анын союздаштарынын ракета соккулары үчүн себеп болгон химиялык чабуул менен жасалган жаңы провокацияга согушкерлер даярданып жатканы тууралуу Коргоо министрлигинин расмий өкүлү, генерал-майор Игорь Конашенков августа эле билдирген.Анын сөзү боюнча, муну менен "Хайят Тахрир аш-Шам" ("Жамаат ан-Нусра") террордук топтун согушкерлери алектенет. Маалыматка ылайык, алар Жиср-эш-Шугурга сегиз хлору бар идиш алып келишкен.

Ошондой эле, районго британдык жеке менчик аскердик “Олива”компаниясынын адистеринин жетекчилиги астында уулуу заттар менен иштөөгө үйрөтүлгөн согушкерлер тобу түшүрүлгөн.“Ак каска” кийгенсогушкерлер химиялык куралдан жапа чеккендерди куткарууну окшоштурушу керек, дейт Конашенков.

Ал эмнеге алып келиши мүмкүн

Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, Вашингтон “жооп иретинде” Сирияга сокку уруу үчүн даярданууда: Перс булуңуна бортунда 56 канаттуу ракеталары бар америкалык The Sullivans эсминеци, ал эми Катардагы Эль-Удейд авиабазага 24 канаттуу “аба-кыртыш” ракеталары менен B-1B стратегиялык бомбалоочу учуп келди.

АКШ өз союздаштары менен бирге кийинки агрессия ишине даярданып жаткандыгына кыйыр тастыктоолор болуп ушул өлкөлөрдүн жогорку өкүлдөрүнүн Сирия бийлигинин химиялык куралдарды колдонуусуна “эң чечкиндүү образ менен” жооп берүү ниетисаналат, деп белгиледи Конашенков.

Москва бир нече жолу АКШ жана анын союздаштарын Сириядагы жаңы кооптуу кадамдардан сак болуусун күн мурун эскерткен.

“Ак каскалар” эмне менен алектенишет

“Ак каскалар” уюму Сириянын тынч калкын саясий нейтралдуулук менен куралдуу иштерге аралашуудан коргоо максатта экенин билдирет.

Акыркы жылдары интернетте ак каскачан кишилер урандылардын астынан адамдарды сактап жаткан видеороликтер көп пайда боло баштады. Бирок, ага паралель ошол эле “Ак каскалар” коюлуучу сюжетти түзүп, “жабырлануучуларга” грим жасап, аларга эмне деп айтыш керек экенин көрсөткөн жазмалар пайда болуп жатты.Мындан тышкары, сириялык журналисттер “куткаруучулардын” курал-жарак жана аскер кийими менен түшкөн сүрөттөрү бар бир нече материалдарды көрсөтүштү.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги “Ак каскалардын” ишин Сириянын бийлигин каралоого багытталган чоң маалыматтык компаниянын элементи деп атады.Башар Асад “Ак каскалар” уюмунун мүчөлөрү чынында “Аль-Каиданын” жактоочулары экенин билдирген.

 

Булак: https://ria.ru/syria/20180911/1528298001.html

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8