Бири-бирине ашык болгон кыз-жигит поезд астында калып көз жумду

17 жаштагы кыз 20 жаштагы сүйүктүүсү менен бирге поезд астында калышты.

Окуя Өзбекстанда болду. Маркумдардын жакындарынын айтымында, кыздын туугандары анын жигитине турмушка чыгуусуна каршы болушкан.

10-августка караган түнү Кумкишлак айылында жашаган 17 жаштагы Г.К. менен 20 жаштагы Б.К. өзүнө кол салган. Алар жүк ташыган поезддин астына бой ташташкан.

Бул окуяны темир жол милициясы ырастады. Учурда прокуратура тергөө ишин жүргүзүүдө.

Айыл тургунун айтымында кыздын атасы анын сүйүктүүсүнө турмушка чыгуусуна каршы болгон.

Кыз али мектеп окуучусу болгон. Быйыл 11-класска көчкөн. Азыр алардын өлүмүнө жакындарынын каршылыгы себеп болууда. Ишемби күнү маркумдарды жерге беришти. Кыз менен жигитти бир жерге коюшту. Жигиттин энеси буга чейин каза болуп, атасы бар эле. Ал үй-бүлөдө кенже уул болгон. Бул окуя айыл үчүн чоң кайгы болду.

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8