Үч жылдан бери жыныстык катнашка бара элек аял күйөөсүн сотко берди

Израилдин соту үй-бүлөдөгү жубайлык милдеттерге байланыштуу өзгөчө ишти караштырып жатат. Ыйык хасид династиясынын уулуна турмушка чыккан аял үч жыл үй-бүлөлүк жашоодо күйөөсүнүн бир жолу да жыныстык катнашка барбаганы үчүн сотко берген.

Үч жыл жашаган күйөөсүн бир да жолу жыныстык катнашка барбаганы үчүн аялы сотко берди. Ал жада калса сотко өзүн текшерген дарыгер-гинекологдорду да ээрчите келген.Алар арыз берүүчүнүн али да кыз экенин ырасташкан.

Күйөөсүнөн көңүлү калган жаран ажырашууну суранган. Ошондой эле, ал жалпы мүлктөр үчүн жубайынан 1 800 000 шекел берүүсүн талап кылган.

Израилдин соту аялдын өтүнүчүн аткарган. Ал эми күйөөсү буга макул болбой, ишти кайра кароону өтүнгөн. Бирок сот күйөөсүнүн арызын кабыл алган эмес.

Белгилей кетсек, хасидизм XVIII кылымдын биринчи жарымында бардык еврей калкын каптап алган иудаизмдин диний агымы болуп саналат.

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8