Франция президенти Макрондун кызтеке экени чынбы?

Эммануэль Макрон өзүн кызтеке деп сөккөндөргө жоо берди. Франция президенти өзүн жансакчысы менен жыныстык катнашта экени тууралуу айтылып жаткан сөздөргө катыштуу пикир билдирди деп gazeta.ru сайты жазат. Ал парламенттин жыйналышында эл күтпөгөн билдирүү жасаган.

“Александр Беналла эч качан ядролук шифрларга ээ болгон эмес. Александр эч качан Альма аймагындагы 300 метрлик батирди алган эмес жана эң акыркысы Александр Беналла эч качан менин махабатым болгон эмес”, - деп айтты президент.

Эммануэль Макрон менен жансакчысы Александр Беналла ортосундагы махабат баяны тууралуу ушактар белгилүү басылманын макаласынын негизинде чыккан. Le Mond басылмасы президент жансакчысынан интервью алып, ал эл башчы менен бир гана дос эмес экенин айтканын жарыялаган.

Бирок, бул макаланы Александр Беналла жокко чыгарып, эч кимге интервью бербегенин айткан.

Көпчүлүк баары бир Макрондун жанынан дайыма чыкпаган Беналлага ишенбестик менен карайт. Алардын ою боюнча, эки эркектин ортосунда бир нерсе бар экени анык.

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8