Кылым аягында Кытайда калктын массалык кырылуу болушу күтүлөт

21-кылымдын аягында климаттын өзгөрүүсүнөн улам Кытайдын калкы жыш жайгашкан жана айыл чарба иштери өнүккөн аймагы адам өмүрү үчүн жер бетиндеги эң кооптуу орунга айланышы мүмкүн.

Массачусетс технологиялык институтунун окумуштуулары ушундай жоромол жасап жатышат.

Соңку изилдөөлөр дени сак адамдын 35 градус (Цельсий боюнча) болгон жогорку нымдуулук учурунда ачык асман астында алты сааттан кийин өлөрүн көрсөткөн.

Ал эми талаалары дайыма суугарылып турган Түндүк Кытай өрөөнүндө нымдашуу процесси катуу жүрөт. Мындай нымдуулук жогорку температура менен кошулуп, райондун дыйкандары үчүн абдан кооптуу аймакка айланат.

Акыркы жарым кылымда Кытайда экстремалдуу ысык толкундар бир кыйла өскөн. 2013-жылы аптаптуу ысык 50 күнгө чейин сакталып,эң жогорку температура 38 градустан ашкан эле. Ошол жылы Шанхай 141 жылда бир катталган температура рекордун орнотуп, ондогон адам каза тапкан.

Нравится