Өзбекстан бийлиги төшөк катнашын эфирден көрсөткөн телеканалды жаап салды

Өзбекстан бийлиги Самарканд шаарындагы жеке менчик STV телеканалын“сокурдук менен зордук-зомбулук”билдирүүлөрүн таратканы үчүн жапкан деп"Интерфакс"агенттиги кабарлайт.

Агенттиктин билдирүүсүндө, Самаркандагы STV телеканалынын иши белгисиз мөөнөткө токтотулуп, Ташкеттеги Sevimli телеканалына катуу эскертүү берилди.

Маалыматтык технологиялар жана коммуникация министрлигинин басмасөз кызматынын билдирүүсүндө, буга себеп телеканалдардын материалдарында “сойкурлук менен зордук-зомбулук көрүнүштөрү” бар экени аныкталган.

Телеканалдардын жумушуна мониторинг жүргүзгөн чиновниктер эфирден берилген кээ бир фильмдер менен музыкалык клиптер “улуттук менталитетке каршы жана жаштардын тарбиясына моралдык жактан зыянын тийгизет” деп тапкан.

Мындан бир нече жума мурун Sevimli жеке менчик телеканалы сексуалдык мүнөздөгү көрүнүштөрү бар америкалык фильмди эфирден таратканы үчүн көпчүлүктөн кечирим сурап, бир нече кызматкерин жумуштан бошоткон.

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8