Бир нече жолу турмуш курган Алла Пугачева күйөөлөрү менен бир төшөктө жаткан эмес

69 жаштагы ырчы Алла Пугачева өзүнүн эски досу Олег Меньшиковго берген маегинде күйөөлөрү менен ар дайым бөлөк жатып келгендигин айткан. Ал жада калса, Максим Галкин менен эки бөлөк төшөктө жатышарын мойнуна алды.

Ошондой эле, Пугачева 27 жыл жаш айырмачылыгы бар болсо да, Галкиндин кемчиликсиз жар экенин айтты. Үйлөнүү той алдында өзүнүн тандоосуна күмөн санаса да, ырчы өзүн бактылуу сезет.

“Мен ага ошол кезде айткам: “Макс, мен сени менен бирге бир жаздыктын астында картайып, эч нерсе тууралуу тынчсызданбай коё аламбы?” – деп. Ал мага олуттуу карап, эч нерсе тууралуу ойлонбой эле коюшумду өтүндү. Мен өзүмдү никеде бактылуу сездим да”, - дейт Алла Пугачева.

Артист өзүнүн мурунку күйөөсү Филипп Киркоровду эстеп, бир күлүп алган.

“Менин күйөөлөрүм кандай болду: бирөөсү директор, бирөөсү такыр башка... Эми Филя менен баары түшүнүктүү. Аны менен ошондой болуш керек эле. Ал эми мен Макстан: жаш, сымбаттуу, акылдуу, тамашакөй адамды көрөм. Ушул күнгө чейин аны менен кандай жолум болгонун түшүнбөй келем”, - дейт орусиялык примадонна.

Азыр ырчы эки баласы, күйөөсү менен Москвага жакын айылдагы хан сарайда жашап жатат.

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8