Путиндин инаугурациясы болот

Бүгүн Орусиянын президенти Владимир Путиндин инаугурациясы өтөт.

Ушуну менен ал төртүнчү жолу өлкө башчысы катары расмий түрдө ишке киришип, 18 жылдык башкаруусун улантат.

Путинди колдогондор бул жылдары Орусия “бутуна турду” деп, ал эми каршылаштары “коррупция чегине жеткен жеке бийлик болду” деп айтып келишет.

Путин быйыл март айында өткөн шайлоону 77% менен жеңди деп расмий жарыяланган. Өзү бул жеңишин коомдук ишенимдин көрсөткүчү деп атаган, ал эми оппозиция өкүлдөрү шайлоо жараянын “демократия талаптарына жооп бербейт” деп сындашкан.

Эки күндөн бери Москвада жана бир катар башка шаарларда антипутиндик жана антиөкмөттүк акциялар өттү. Уюштуруучулар Москвадагы митингге миңдеген адамдар чыкканын, ал эми полиция 1,5 миңдей адам гана болгонун билдирди. 

 

https://www.azattyk.org/a/29212280.html

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • 23