Эки күйөө, эки көңүлдөшү менен жашап жаткан аял элди таң калтырды (сүрөт)

Альбион аралынын 44 жаштагы жашоочусу Мери Камптон мыйзамдуу түрдө никелешкен күйөөсүнөн башка үч жигити бар экенин мактануу менен айтат. Себеби, ал эч кимди алдабай эле, таттуу бактылуу жашап жүрөт, деп lemurov.net сайты кабарлайт.

Фото: lemurov.net

Башында Мери узак убакыт бою бир гана жигит менен жолугушуп жүргөн. Кийинчерээк турмушка чыкса да, башка жигиттер менен мамиле куруусун токтоткон эмес. Андан кийин аны менен ажырашып, башка жигитти жолуктурат. Бул жолдошу “бир нече адамды жакшы көргөн” типтеги адамдардын катарына кирери аныкталат.

Бирок, аял муну менен дагы токтоп калбай, дагы башка жигитти жактырып калат. Ал өзүнүн курдашы Тима менен бир аз убакыт чогуу жашагандан кийин, экөө үйлөнөбүз деп чечишкен.

Фото: lemurov.net

Тима менен мыйзамдуу никеде экенине карабай, Мери Джон аттуу мырзаны кездештирип, аны менен да мамиле курган. Улуу Британияда бир нече никеге уруксат берилбегендиктен, ал Джон менен “кыз-жигит” катары жолугушуп жүрөт. Аялынын жан сырын түшүнгөн Тима алардын мыйзамсыз түрдөгү үйлөнүү тоюн өткөрүүгө жардам берген.

Азыр Мери, Тима жана Джон бир чатыр астында жашашат. Эркектер өздөрүнүн сүйүктүүсү үчүн урушпайт. Баары бири-бирин түшүнүп, сый көрсөтүп турушат.

Фото: lemurov.net

Меринин айтымында, ал жигити менен күйөөсүн өзүнчө жакшы көрөт. Мисалы, бир күйөөсү менен экология маселелерин талкулоону жактырат. Ал эми үйүндөгү жигити менен илимий фантастиканы талкуулайт.

Эң кызыгы, британ аялдын мындан башка дагы эки жигити бар экен. Мери 73 жаштагы Джейс менен футфол матчында таанышса, 63 жаштагы Майкл менен караоке-барда таанышкан. Крамптон көпчүлүктүн сынына көп кабыларын жашырбайт.

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • 23