Украина Орусияга карата жаңы санкцияларга кошулду

Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңеши АКШ тарабынан Орусияга карата киргизилген жаңы санкцияларга кошулуу тууралуу чечим кабыл алды. Мекеме Кремлге карата Крымды аннексиялоо жана Донбасстагы агрессия боюнча буга чейин киргизилген санкцияларды да узартты.

АКШ 6-апрелде орусиялык 24 жаранды жана он төрт компанияны "кара тизмеге" киргизген. Алардын арасында миллиардерлер - Олег Дерипаска, Виктор Вексельберг, Сулейман Керимов, Игорь Ротенберг жана Кирилл Шамалов, ВТБ банкынын төрагасы Алексей Костин, "Газпромдун" башчысы Алексей Миллер, Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев, Росгвардия жетекчиси Виктор Золотов, ички иштер министри Владимир Колокольцев, Роскомнадзор жетекчиси Александр Жаров бар.

Орусия буга жооп даярдалып жатканын билдирген.

https://www.azattyk.org/a/29205627.html

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • 23